Чет элдик жаранды өлтүрүп, көмүп коюшкан. Милиция окуянын жагдайларын айтты
RU

Чет элдик жаранды өлтүрүп, көмүп коюшкан. Милиция окуянын жагдайларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Көк-Жар конушунда дайынсыз болуп изделип жаткан чет элдик жарандын сөөгү табылган. Тагыраагы, аны белгисиз адамдар көмгөн дейт Kaktus.kg сайтына кайрылган окурман.

Анын айтымында, окуя ушул жылдын январь-февраль айларында болгон.

"Америкалык Боб деген жаран изделип, кийин анын сөөгүн Чүй районундагы айылдардын биринде бир кыз менен жигит көмүп салганын уктук. Биз Бобду билчүбүз. Эмне үчүн анын өлүмү боюнча эч нерсе айтылбайт? Чет элдик жарандын сөөгүн Октябрь РИИБдин кызматкерлери мүрзөдөн алып чыкканын да укканбыз", - дейт окурман.

Чет элдик жарандын өлүмүн Октябрь РИИБдин маалымат кызматы ырастап, окуя боюнча редакцияга буларды айтып берди.

"Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө аталган бөлүмдүн ыкчам кызматкери рапорт менен кайрылган. Анда А. жана Р. аттуу жарандар чет элдик Б. аттуу жарандын сөөгүн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Алмалуу айылындагы көрүстөндө жерге беришкенин, маркумдун банк картасын да колдонушканын айткан.

Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Анын алкагында С.Р. аттуу аял аныкталып, суракка алынган. Ошондой эле өлүмдүн себебин аныктоо үчүн чет элдик жаран Ф.Рнын сөөгүн эксгумациялоо боюнча арыз берилген. Экспертизанын корутундусу Ф.Рдын качан өлгөнүн аныктоо ички органдардын жана ткандардын чиригендигине байланыштуу аныктоо мүмкүн болгон эмес деп чыккан.

Бирок Ф.Рнын сөөгүн изилдөөдө эч кандай зомбулуктун белгилери, жаракаттар жана сөөктөрдүн бузулуусу аныкталган эмес.

Аталган жосунда кылмыштын курамы жок болгондуктан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кылмыш иши токтотулган", - дешти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/16054