Адам өлтүрүүгө шектелген жаран дээрлик 14 жылдан кийин кармалды
RU

Адам өлтүрүүгө шектелген жаран дээрлик 14 жылдан кийин кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген жаран "Ош" аэропортунан кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шектүү дээрлик 14 жылдан бери издөөдө жүргөн.

Маалым болгондой, 26-апрелде Ош шаарындагы аэропорттон Россия Федерациясынан келген учурда Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Дж.М. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү.

"Кармалган Дж.М. 2010-жылдагы Оштогу июнь окуяларында (13-июнда) Ош облусунун Кара-Суу районунун 1953-жылы туулган тургунун кылмыштуу шериктери (кылмыштуу шериктери кармалышкан) менен кармап алып, Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барышкан. Ал жерден Дж.М. жаранды бычактап, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, жансыз денени Ак-Буура дарыясына ыргытып жиберген. Маркумдун жансыз денеси 2010-жылы 19-июнда Өзбекстандын Анжиян облусунун Ходжабад районунун аймагынан табылган. Абал турукташып, кылмышка шектүүлөр аныктала баштаган учурда изин жашырып кеткен", - дешет милициядан.

Шектүү дээрлик 14 жыл Россиянын ар кайсы шаарларында жашап, жашырынып жүргөн. Өлкөгө келген учурда ал колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/16049