"Элдешүүгө аракет кылдык". Асел Кадырбекова жеке жашоосун ачыктады
12151
Ырчы, алып баруучу Асел Кадырбекова жеке жашоосундагы айрым учурларды ачыктады. Ал үй-бүлөлүк жашоосу боюнча күйөрмандарынын, окурмандарынын суроолоруна социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди.
"Айтууга эми убакыт келди окшойт. Биз Нурлан (ред:. Нурлан Насип) экөөбүз 2021-жылдын январь айынан бери чогуу жашабайбыз. Бирок 2022-жылы элдешүүгө аракет кылып, 3 айдан кийин бузулган нерсе кайра калыбына келбей турганын түшүндүк. Мен бул темада сүйлөшүүдөн качам, ошондуктан маек бербейм, шоу берүүлөргө да барбайм. Нурлан экөөбүз достук мамилени сактап калдык. Ал кызы менен каалаган учурда көрүшө алат. Анткени ажырашканыбызга 4 жыл болду, андан бери таарыныч деле калган жок.Муну айтпайт элем, бирок "Нурлан кайда?", "Эмнеге өзүң жүрөсүң?" деген суроолордон качуу оңой эмес", - деп жазды ал.
Белгилесек, ырчы 2023-жылы да бул тема боюнча үн катып: "Ой жүгүртүүбүз, жашоого болгон көз карашыбыз бөлөк экен. Ошол үчүн эки айрылыш жолго түштүк", деген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/16424