Секс жөнүндө айтуу уят. Республикадагы айымдардын репродуктивдүү саламаттыгы
Азыркы коомдун репродуктивдүү ден соолугунун абалы Кыргызстандагы жакынкы 10-15 жылдагы демографиялык процесстерге түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул жаатта кыргызстандыктардын дагы кандай көйгөйлөрү бар? Алар үй-бүлөнү жана балдарды пландаштырууну үйрөнүштүбү? Kaktus.media редакциясы өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, облус тургундары, дарыгерлер, эксперттер менен баарлашып, төмөнкү жагдайларга токтолушту.
Секс жөнүндө айтуу уят
Репродуктивдүү ден соолук сексуалдык ден соолук менен тыгыз байланышта, бирок бул тема өлкөдө талкууланбайт. Кыргызстандыктар "оргазм" деген сөздү айтуудан да уялышат. Жуптар ортосундагы жыныстык көйгөйлөрдү жана муктаждыктарды талкуулоо маселеси дээрлик козголбойт.
Бул тууралуу Жалал-Абаддык ыктыярчы мындай дейт: "Беш-алты баланы катары менен төрөгөн аял муктаждыгын, өзүн унутуп калат, ушак-айың тарайт деп коркуп, бул маселелерди бирөө менен талкуулагандан коркот. Биз бала кезибизден эле баарын жашырабыз. Аялдар ал тургай, эркектерден жайылып турган ич кийимдерин катып коюшат. Бирок бул туура эмес мамиле. Тескерисинче, эркек аялдын денеси кандай иштей турганын, эмне болорун билиши керек. Алар аялдардын айызы келип жатканда, кандай кыйналаарын билип, сезиши керек".
Көптөгөн түгөйлөр ата-энелер же коом тарабынан таңууланган стереотиптерден улам өнөктөшү менен нормалдуу жыныстык мамиле түзүүгө тоскоол болгон көйгөйлөргө туш болушат.
Жалал-Абад облустук репродукция борборунун гинекологу Гүлзат Нурумбетова аймактарда сексуалдык ден соолук маселеси боюнча сөз болбойт дейт. Ал жерде сексолог же сексопатологдор да жок.
Жалал-Абад облусунун тургуну Эрмек сексуалдык жашоосун ар тараптуу кылууга аракет кылган жубайы менен ажырашып кеткен. "Мен муну көрүп кайталоо биз үчүн салт эмес, анткени балдар ансыз төрөлүп жатпайбы деп айткам", - деди ал.
Контрацепциянын ордуна бойдон алдыруу
Калк сексуалдык билимге терс көз карашта, аны эрте жыныстык катнашты жайылтуу катары кабыл алышат. Ата-энелер бул теманы балдары менен талкуулоого батынышпайт, бул да мектеп программасында жок. Өспүрүмдөр физиология жана мамилелер жөнүндө өз алдынча маалымат алууга аракет кылышат. Бойго жеткенде алар өздөрүнүн муктаждыктарын, контрацепция ыкмаларын жана үй-бүлөнү пландоону түшүнбөй эле үй-бүлө курушат.
Контрацепцияларды колдонгон жарандардын саны азайып баратканы таң калыштуу эмес, ал эми бойдон алдыруу өлкөдө бойго бүтүрбөөнүн кеңири таралган ыкмаларынын бири бойдон калууда.
Акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти Арсен Аскеровдун айтымында, мындай абалга калктын аң-сезиминин жана билиминин төмөндүгү негизги себептердин бири болуп саналат. "Калктын маалыматы начар, айрыкча жаштардын бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу боюнча билими жетишсиз, ошондуктан бойдон алдыруу көрсөткүчү бизде жогору бойдон калууда", - деди ал. Дагы бир себеби каржылык жагдай: мамлекет калктын аз гана бөлүгүн контрацепция менен камсыз кылат, ошол эле учурда контрацепциялык каржаттар кымбат.
Маселе аялдардын базардан атайын дары-дармектерди сатып алуу менен өз алдынча аборт жасатып жаткандарында болууда.
Мисалы Кулпунайдын окуясы (аты өзгөртүлдү) ушундай болгон. Ал бойго бүтүрбөөчү каражаттарды алгысы келген эмес жана каалабаган кош бойлуулукка учурап, дары-дармек менен боюнан түшүргөн. Аял дарыны ичкенден кийин токтобой кан кете баштаган. Ошол учурда Кулпунайдын жолдошу түшкү тамакка үйгө келип, аны оорукананын гинекология бөлүмүнө алып барганга жетишкен. Ал ооруканага көп кан жоготуудан улам оор абалда жаткырылган. Бактыга жараша аял аман калган.
Эркектер дарыгерге баргандан уялышат
Кыргызстандыктар секс жөнүндө гана эмес, эркектердин ден соолугу жөнүндө да айтуунун өзү уят болуп саналат. Кыргыз жигиттери көйгөйлөргө унчукпай көз жумуп, урологго сейрек кайрылышат. Мындай мамиленин бирден-бир себеби менталитет экенин адистер белгилешет: коомдо эркектерден токтоолук жана чыдамкайлык талап кылынат.
Урологиялык дарттан дарыланып жаткан Нарын районунун тургуну Асан Байдылдаев мындай дейт: "Бала чоңойгондо ооруп калган уят, урологиялык жактан оору - эки эсе уят деген ой менен чоңоюшат. А биз, эркектер ооруларды гана эмес, башка бардык санааларыбызды да жашырабыз."
Ал ортодо урологиялык оорулардын саны өсүүдө. Алардын көбүн убагында дарылоо менен айыктырууга болот. Дарыгерлердин айтымында, көп үй-бүлөдөгү тукумсуздуктун себеби эркекте жатат.
"Эркектердин тукумсуздугу чындап эле өсүп жатат. Жаштар арасында тукумсуздук 10%га өстү. Кыргыздарда "Үй-бүлө балалуу болбой калса, сөзсүз аялды күнөөлөйт" деген сөз бар. Баласы жок болсо, анда бала төрөй албай калат" деген сөз бар. Бул аялдын күнөөсү. Чындыгында 40%га жакын эркектерге байланыштуу. Андыктан көйгөйдү ар тараптан изилдөө керек", - дейт Урологдор ассоциациясынын президенти Акылбек Усупбаев.
Ата-энелер балдарын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрүн уялбастан айтууга үйрөтүшү керек. Келечекте бул эркектерге өз убагында дарылоого жана бардык тобокелдик факторлорунан качууга жардам берет.
Дарыгерлер кыз-жигиттерди турмуш куруунун алдында медициналык текшерүүдөн өтүүгө чакырышат.
Баткен районунун Самаркандек айылындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн адиси Пари Хусейнова: "Үй-бүлө курганга чейин жубайлар кургак учуктун бар же жок экенин аныктоо үчүн рентгенге түшүп, чогуу текшерүүдөн өтүшү керек. Көбүбүз миграцияда жүрөбүз. СПИД борборунан да текшерүүдөн өтүү керек. Аял менен эркек дарыгерлер текшерилгенден кийин гана үйлөнүш керек".
Бала жасоого алдын ала даярданышпайт жана көп көйгөйгө кабылышат
Бала жасоону пландоо баскычында текшерилүү өтө маанилүү болуп саналат. Ошол эле учурда, калктын арасында курч көйгөй бар, көбүнчө жубайлар балалуу болууга даярданбайт, ал эми аял кош бойлуу болууга даярдык көрбөйт.
Ош облусунун тургуну Гүлзада преэклампсия оорусу менен төрөт үйүнүн реанимация бөлүмүнө жаткырылган. "Жолдошум Москвадан келди, кош бойлуу болуп калдым, бала кесарево жолу менен 36-жумада төрөлдү", - дейт Гүлзада. Кош бойлуу болууну пландадыңар беле деген суроого аял: "Мен күйөөм келгенде балалуу болобуз деп ойлогом", - деп жооп берди.
Ош облусунун Ноокат райондук Жалпы практикалык дарыгерлер борборунун директору Алишер Маматалиев кош бойлуу аялдардын кеч кайрылуусу дарыгерлердин эң негизги көйгөйү экенин айтты: "Алар кайрылганда жатын ичиндеги инфекцияларды, текшерүү учурунда бөйрөктүн кемтиги бар экенин табабыз. Биз аял кош бойлуу кезинде ал ооруларын айыктыра албайбыз, бирок төрөгөнгө да макулдук бере албайбыз".
Кош бойлуулукту пландаштыруу наристелердин өлүмүн азайтат
Түйүлдүктүн кемтиги ымыркайлардын өлүмүнүн экинчи негизги себеби болуп саналат. Алар көбүнчө аялдын организминдеги керектүү микроэлементтерден көз каранды. Мисалы фолий кислотасын кош бойлуулук учурунда эле эмес, боюна бүтө электе эле ичүү керек. Бул жерде биз дагы бир жолу кош бойлуулукту пландаштыруунун маанилүүлүгүнө кайрылабыз.
Ымыркайлардын өлүмүнүн себептеринин арасында биринчи орунда бала карында жаткан кезиндеги шарттар турат. Алар негизинен инфекциялар менен байланышкан. Инфекциялар да эрте төрөткө алып келет. Бирок ал учурда ара төрөлгөн баланын организми тышкы чөйрөгө даяр эмес болот.
Күмүш (аты өзгөртүлдү) 33-жумада кесарево жолу менен эгиз кыз төрөгөн. Ал "Тез жардам" кызматы менен төрөт үйүнө жеткирилген. "Бул менин төртүнчү жана бешинчи наристелерим. Кош бойлуулугум жакшы эле өттү. Мени көргөн доктур герпес инфекциясы бар экенин айтты. Бардык дарыларды ичтим, бардык уколдорду алдым. Төрөт үйүндө дарыгерлерден кыздарым эмнеге мөөнөтүнөн мурда төрөлгөнүн сурадым. Алар инфекцияга байланыштуу деп айтышты", - деди аял.
Жубайлардын балалуу болууну пландабаганы төрөттөр ортосундагы кыска аралыктан эле билүүгө болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы неонатологу Сагынбү Абдувалиева Кыргызстанда 18 миң аял жылына эки жолу төрөрүн билдирди. "Бул биз өзүбүзгө өтө кылдаттык менен карабаганыбызды, ден соолугубуздун абалына көңүл бурбай жатканыбызды көрсөтүп турат. Аялдын организми төрөттөн кийин 3,5 жылдан кийин гана калыбына келип, кийинки баланы төрөй алат", - дейт Сагынбү Абдувалиева.
Балдарды чет өлкөдөн дарылатууга туура келүүдө
Дарыгерлер салмагы 500 граммдан ашык ара төрөлгөн ымыркайларды кароону үйрөнүштү. Өнүгүү аномалиялары бар балдарга жардам берүүгө келгенде, абал татаалыраак.
Талас районунан Мира Мусалиева көтөн чучугу жок төрөлгөн небересин Бишкекке алып келген. Азыр ата-энелер уулунун үчүнчү, акыркы операциясына даярданып жатышат. "Буга чейин эки жолу операция болгонбуз. Биринчи операция үч айлык кезинде жасалган. Экинчи операция эки жашында жасалган. Андан кийин анын көтөн чучугу ачылып, эми операциянын кийинки этабы болот", - дейт ал. Бактыга жараша мындай операциялар Кыргызстанда жасалат. Бирок баланы чет өлкөдө гана сактап калууга туура келген учурлар болот.
"Жардам бере албай калган учурлар бар. Мисалы өт жолдорунун атрезиясы. Бул боордун кемтиги, анда өт жолдору тосулуп же жок болот. Бул оорунун бир нече түрү бар. Биринчи жана экинчи түрү менен биздин бөлүмдө операция жасоого болот. Үчүнчү түрдөгү атрезия менен жабыркаган балдарга биз, тилекке каршы жардам бере албайбыз. Мындай учурда боорду алмаштыруу гана керек, Кыргызстанда бул органды трансплантация кылышпайт", - дейт Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Жайдарбек Сапарбеков.
"Дарыгерлерге бармакпыз, бирок алар жок"
Баары жөнөкөйдөй сезилет: жубайлар алдын ала текшерилип, дарыланып, көйгөйлөр чечилиши керек. Бирок андай эмес! Аймактарда медициналык жардам алууда олуттуу тоскоолдук болуп медициналык мекемелердин алыстыгы саналат. Кээде айыл менен медициналык мекеменин аралыгы 100 чакырымдай болот.
Бул болжол менен Тоң районунун Туура-Суу айылы менен райондук оорукананын ортосундагы аралык. Мындан улам Туура-Суу айылынын айымдарына Балыкчыга баруу жеңилирээк.
Аталган айылдын тургуну Нурзат Качкыновага ооруканага баруу кыйын. "Тоң районунун борбору бизден алыс жайгашкан. Мен негизинен Балыкчы шаарына текшерилүүгө барам. Бизден райондун борборуна чейин жол узак, ал жакка жеткенге чейин жарым күн өтүп кетет. Биз кезек күткөнчө кеч кирет. Кайра үйгө кайтууга унаа табуу кыйын, Балыкчыга барып туугандарыбыздыкында калууга туура келет", - дейт ал.
Аймактарда да адистер жетишсиз. Бул аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна коркунуч жаратып жатканын гинеколог Тилек Айдаралиева баса белгиледи. "Аялдардын репродуктивдүү саламаттыгына көзөмөл орнотулду деп айтуу кыйын. Буга чейин бизде аялдардын репродуктивдүү саламаттыгы менен атайын алектенген гинекологдор бар болчу. Азыр бизде андай бөлүмдөр, дарыгерлер жок. Үй-бүлөлүк дарыгерлер бар, бирок булар адистер эмес да. Ошондуктан аялдар ар жактагы дарыгерлерге кайрылышат: бүгүн - бул жерде, эртең - башка жерде. Алар кимге жолукса, ошолорго кайрылышат", - деди дарыгер.
Депрессиядан куткара турган эч ким жок
Айрыкча аймактарда төрөттөн кийинки эң көп кездешкен кыйынчылыктардын бири болгон төрөттөн кийинки депрессияга кабылган аялдар менен иштей турган адистердин жетишсиздиги байкалууда. Бул иш үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлерине да жүктөлгөн. Бирок маселе адистердин жетишсиздигинде. Бул учурда жардамга медайымдар келишет.
"Бизде орточо эсеп менен айына 2,3 жолу депрессияга кабылган адамдар болот. Бул көп деле эмес, бирок эки-үч учур болот. Сегиз точка бар. Алардын бирөөсүндө гана дарыгер бар, калган жетөөсүндө мен жалгыз иштейм", - дейт Талас облусунун медайымы Асылгүл Түлөбердиева.
Кээ бир аялдардын башка аймактардан адис издөөсүнө туура келет.
Назирага төрөттөн кийинки депрессия оор болду. Ал мезгил-мезгили менен өзүн-өзү өлтүрүү, аны кантип жасоо жөнүндө ойлонуп жүргөнүн мойнуна алды. Бул нормалдуу көрүнүш эмес жана адистердин жардамына муктаж экенин ал убагында түшүнгөн. Бирок Талас облусунда психолог, психиатр жок болгондуктан Бишкекке барууга туура келген.
"Мени өлүм тууралуу ойлор каптады... Курбум менен телефон аркылуу көп сүйлөштүм, ал менин абалымды байкады. Ал мен үчүн чоочулап, ооруканага барууну сунуштады. Биз Бишкекке келдик. Оор көйгөйүм бар экен, адистер мага кеңештерин айтып, дары жазып беришти" – дейт Назира.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аныктаган репродуктивдүү ден соолук – бул жашоонун бардык этаптарында репродуктивдүү системага тиешелүү бардык чөйрөлөрдөгү физикалык, психикалык жана социалдык бакубаттуулуктун абалы. Көрүнүп тургандай, Кыргызстанда абал идеалдуу эмес жана бул жаатта дагы көп иштер турат. Бул иштер мамлекет тарабынан канчалык аткарылышы керек болсо, болочок ата-энелер тарабынан да ошончо жумуш аткарылышы кажет.
"Бул чыгарылыш "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Кыргызстандын аймактарындагы аялдардын репродуктивдик ден соолугу" долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Kaktus.kg" сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт".