"Колдору жабышып, эки жыныс менен төрөлдү". Туугандар арасындагы никенин кесепети
Ош облусунда репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча абал
Кыргызстанда энелердин жана ымыркайлардын өлүмү кыскарууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык тейлөөнүн сапаты жакшырганын айтууда. Бирок келечектеги ата-энелердин ден соолугуна болгон мамилеси башкы көйгөйлөр бойдон калууда. Муну эксперттер да тастыктайт. Кош бойлуулукту пландаштыруу көп нерсени талап кылат. Аймактарда кош бойлуулукту пландоо боюнча абал кандай? Kaktus.media сайтынын редакциясы бул суроолорго жооп алуу үчүн Ош облусуна барып кайтты.
Миграция кош бойлуулукту пландаштырууга жана башкарууга таасирин тийгизип жатат
Ош облустар аралык ооруканасынын төрөт үйү бейтаптарга толгон. Бул жерге төрөт үчүн бардык аймактардан аялдар келишет. 80% дан ашыгы - оор абалда. Кээ бир аялдарды, дарыгерлер айткандай, аркы дүйнөдөн түзмө-түз тартып алууга туура келет.
Мына ушундай куткарылган аялдардын бири Гүлзада Кочкоева. Ал медициналык мекеменин реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
"Жолдошум Москвадан келди, боюмда болуп калды. Бала кесарево жолу менен 36-жумада төрөлдү", - дейт төрөттөн кийинки аял. Кош бойлуу болууну пландап жатасыңарбы деген суроого: "Мен күйөөм келгенде балалуу болобуз деп ойлогом", - деп жооп берди.
Бирок бул сыяктуу окуялардын бардыгынын аягы жакшылык менен бүтө бербейт. Аялдарды куткара албай калган учурлар да бар.
Ош облусундагы айылдардын биринен жаштар баш кошушкан. Тойдон кийин эле Россияга чогуу кетишкен. Ал жактан кыздын боюна бүтүп, бирок каттоого туруп, дарыгерлерге кайрылган эмес. Ал үйгө кош бойлуулуктун 38-аптасында келген. Дарыгерлер анын бөйрөк оорусуна чалдыкканын аныкташкан. Оору кыйындап, дарыгерлер төрөт учурунда аялды сактап кала алышкан эмес.
Даярдыктын жетишсиздиги бала үчүн да көйгөйлөргө алып келет
Ош облустук репродуктивдүү борборунун гинекологу Кадырбек кызы Айканыш белгилегендей, калктын арасында курч көйгөй бар, көбүнчө жубайлар балалуу болууга даярданбайт, ал эми аял кош бойлуулукка даярданбайт.
"Көбүнчө бизде кандай? Үйлөнгөндөн кийин эле дароо "тексттеги эки таякчаны" күтүшөт, аял боюнда болот. Убакыт өтөт, наристенин бардык органдары калыптанып, кеч болуп калганда гана каттоого туруу үчүн дарыгерлерге кайрылышат. Кээде такыр каттоодон өтпөгөн учурлар болот. Булар көбүнчө мигранттар. Маселен: балким бул аялдын бөйрөк оорусу же гипотиреозу бардыр. Бул тууралуу ал билбейт. Ал эми калкан безинин оорусу көпчүлүк учурда билинбейт. Мындан улам, аялдын боюнан түйүлдүктүн түшүп калуу же акыл-эси кем балдардын төрөлүү коркунучу бар. Убагында дарыланса, мындай кесепеттерди алдын алууга болот", - дейт Кадырбек кызы Айканыш.
Адистер белгилегендей, облустун эң көйгөйлүү аймактары Ноокат жана Араван болуп саналат. Редакция аталган жерлерге барды.
Ноокат райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Алишер Маматалиевдин айтымында, кош бойлуу аялдардын дарыгерлерге кеч кайрылуусу мекеменин кызматкерлеринин негизги кыйынчылыгы болуп саналат.
"Эгерде алар бизге кайрылса - жатындын ичиндеги инфекциялар менен келишет. Ал эми текшерүү учурунда түйүлдүктүн кемтиктери байкалат. Бизде мындай жагдайлар бар, аларды кош бойлуу кезде айыктыра албайбыз, төрөгөнгө уруксат бербейбиз бирок, баланын өсүүсүн да токтото албайбыз да", - деп белгиледи ал.
Борбордун дарыгер-гинекологу Айзирек Абдыкалыкова: "Протокол боюнча кош бойлуулуктун 12-жумасында каттоого туруу керек, ички жана тышкы миграциядан, түшүнбөстүктөн улам аялдар кеч катталышат", - деди.
Эркектер өзүлөрүн даргерлерге көрүнбөй эле коюшу керек деп эсептешет
Райондун эркектери да Маматалиев айткандай "көйгөйгө салымын кошуп жатышат". Анын маалыматы боюнча, эркектердин 5-6%ы гана текшерилет. Калгандары өзүлөрүн "медициналык кароодон өтүүгө муктаж эмесмин" деп эсептешет. Бул жерде абалды миграция дагы начарлатып жатат.
"Жыныстык инфекциялар татаал. Аларды дарылоо өтө кыйын жана өнүгүүсүндө кемчилиги бар балдардын төрөлүшүнө да таасирин тийгизет. Мисалы, аялдары бул жерде калышат, ал эми күйөөлөрү башка өлкөлөргө иштегени кетишет. Башка аялдар менен жыныстык катнашта болгон эмес деп жана алардын жугуштуу оорулары жок экенине эч ким кепилдик бербейт. Бизде да ушундай жагдайлар бар", - деп түшүндүрдү борбордун директору.
Кош бойлуу аялдар дарыгерлердин сунуштарын аткарышпайт
Бирок көйгөйлөр муну менен эле бүтүп калбайт. Алишер Маматалиевдин айтымында, кош бойлуу аялдар каттоого туруп, бирок дарыгерлердин сунушун аткарбай калган учурлар бар.
"Фолий кислотасын жазып бердик дейли. Кош бойлуулукка даярданууда аялдар үч ай мурун иче башташы керек. Бирок кош бойлуу болгондон кийин да керектүү дарыларды ичпей койгондор бар. Анемия менен ооруган аялдарды көп жолуктурабыз. Алар керектүү витаминдерди ичпейт. Бул дагы балдардын өнүгүүсүндөгү кемтиктердин пайда болушуна себеп болгон факторлордун бири болуп саналат", - деди Маматалиев.
Тубаса кемтиктердин арасында, анын маалыматы боюнча, аймакта бир нече жүрөк кемтиги алдыда турат. Өлүмгө алып келген учурлар да бар. Кээ бир мүчүлүштүктөрдү чет өлкөдө да операция кылуу кыйынга турат. Мындайда бир жашка чейинки балдар операцияны көтөрө албай калан учурлар болот.
Туугандар арасындагы нике түйүлдүктүн өнүгүүсүнүн бузулушуна алып келет
Аймакта таптакыр күтүлбөгөн себептер да бар – туугандар арасындагы нике.
"Мисал катары, жубайларда гермафродитизм диагнозу коюлган болсо жана бир нече өнүгүү кемчиликтери бар бала болсо - демек, алар (жубайлар) аталаш туугандар. Тилекке каршы, алар кесепеттерин кеч түшүнүштү", - дейт Балдарга билим берүү борборунун директору Алишер Маматалиев.
Балада эки жыныстык органдан тышкары тубаса көзү көрбөй жана манжалары биригип калган учурлар болот.
Өнүгүү кемчиликтери бардык региондо көйгөй болуп саналат
Репродукция борборунун дарыгер-генетиги Камила Аттокурова Ош облусунда өнүгүү кемтиги көбөйгөнүн билдирди. Муну Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы тастыктап турат. Эгерде 2020-жылы облуста ымыркайлардын өлүмүнүн себептеринин түзүмүндө өнүгүү аномалиялары 20,5%ды түзсө, 2021-жылы 25,7%ды түзгөн. Аттокурова башкалардай эле муну аялдар дарыгерге кеч барганы жана кош бойлуулукту пландабаганы менен байланыштырууда.
Анын байкоолоруна караганда, аймакта да туугандык никелердин кесепеттерине байланышкан көйгөйлөр бар. "Алар аябай көп болуп кетти. Менин бир бейтабым апасы тарабынан тууган адамга турмушка чыккан. Алардын эки майып баласы бар. Азыр үчүнчү баласын күтүп жатат. Кош бойлуулугун токтоткусу келбейт", - деди Аттокурова.
Дарыгерлер ата-энелерди балдарынын келечегин ойлонууга чакырат.
"Сиз дени сак үй-бүлөнү каалайсызбы? Анда аны пландап, даярданышыңыз керек. Медицина кызматкерлерине кайрылсаңыздар баарына жардам берүүгө даяр. Бирок биз үймө-үй кыдырып, "Жүр, сизди текшерели, сиз кош бойлуу болууну пландап жатасызбы?" деп ар кимдин эшигин каккылай албайбыз да. Буга абдан аң-сезимдүү мамиле кылуу керек", - деди репродукция борборунун гинекологу Айканыш Кадырбек кызы.
Кыргызстандагы репродуктивдүү ден соолук көйгөйлөрү тууралуу көбүрөөк материалдарды шилтеме аркылуу окусаңыз болот
"Бул чыгарылыш "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Кыргызстандын аймактарындагы аялдардын репродуктивдик ден-соолугу" долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Kaktus.kg" сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт".