Бейөкмөт уюмдарды, ЖМКны катуу көзөмөлдөө мыйзамдын демилгечилерине виза бербөө сунушталды
Жарандык коом жана ЖМК үчүн бейөкмөт уюмдар коалициясы Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын Кыргызстандагы элчиликтерине жана консулдуктарына кат жолдоду. Ал бир катар депутаттардын мамлекеттик эмес секторду көзөмөлдөө боюнча мыйзам чыгаруу демилгелерине тиешелүү.
Кайрылуу катты толугу менен жарыялайбыз:
"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, президенттин администрациясынын да, парламентарийлердин да мыйзам чыгаруу демилгелеринин аркасында Кыргызстанда акыркы мезгилде адамдын негизги укуктары менен эркиндиктери чектелип, демократиялык мейкиндиктин тарышы байкалып жатканына көз салуудабыз.
Мисал катары Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы тарабынан иштелип чыккан, коомдук талкуулоо стадиясында турган, көз карандысыз ЖМКларды толук көзөмөлгө алууга жана мажбурлап жоюуга багытталган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун келтирсек болот.
Ошондой эле бейөкмөт сектор, анын ичинде чет элдик бейөкмөт уюмдар мамлекеттик бийлик тарабынан катуу кысымга жана көзөмөлгө алынат.
Сөз эки мыйзам долбоору жөнүндө болуп жатат – "Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоору (демилгечи – Кыргыз Республикасынын президентинин аппараты), Кыргыз Республикасынын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамына" жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (демилгечилер - депутаттар: Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Ташиев Ш.К., Атажанов Ы.Ы., Алимбеков Н.К., Сулайманов К.К., Ханжеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Козуев А.А., Абдалиев М.А., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Алтынбеков А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Боронбаев А.Ж., Сыдыгалиев Н.О., Шабазов Б.В., Масабиров Т.А., Малиев А.К., Жамгырчиев Э.Э., Токтошев Э.Т., Сарбагышев М.К., Чойбеков Б.К., Атазов Ш. К., Түмөнбаев А.Т.).
Көрсөтүлгөн мыйзам чыгаруу демилгелери өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана Кыргызстандын элинин кызыкчылыктарын коргоо боюнча негиздерге таянып, чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин укуктук жөнгө салууну катаалдатуу, коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет мамлекеттер, алардын мамлекеттик органдары тарабынан каржылануучу уюмдардын финансылык-чарбалык иштеринде ачык-айкындуулукту орнотууга багытталган.
Демократиялык мейкиндиктин тарып, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушунун шартында коммерциялык эмес уюмдар жана көз карандысыз ЖМКлар мамлекеттик бийлик тарабынан болуп жаткан кыянаттыктарга мониторинг жүргүзүү жана жарыялоочу бирден-бир институт болуп саналат.
Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети эл аралык жана улуттук бейөкмөт уюмдар ишке ашырууга катышкан улуттук программаларды (ТӨМ, 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия, 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасындагы адамдарды сатууга каршы күрөшүү программасы, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тутумун өнүктүрүү программасы ж.б.) бузуп жатат.
Биздин өлкөнүн расмий өкүлдөрү расмий сапарлардын алкагында да, жеке түрдө да Европа өлкөлөрүнө жана АКШга барып жатышканы эч кимге жашыруун эмес. Мындан тышкары көптөгөн аткаминерлердин балдары чет элдик окуу жайларда билим алып, ал жакта туруктуу жашайт. Ушуга байланыштуу жогоруда аталган адамдардын "Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна жана элдин кызыкчылыгына коркунуч туудурган" мамлекеттерде болушун туура эмес, ал тургай кооптуу деп эсептейбиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, аталган мыйзам долбоорлорунун бардык демилгечилерине гана эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да кандай гана визанын түрү болбосун аны берүүдөн баш тартуу жана мөөнөтүн узартуу маселесин карап чыгууну суранабыз. Кыргыз Республикасынын жарандарынын гана эмес, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын да сөз, пикир, биригүү эркиндигин чектеген мындай мыйзам долбоорлорун демилгелеп жаткан чиновниктердин сиздердин өлкөлөрүңүзгө баруусун, бизнес ачып, кыймылсыз мүлк алып, ошондой эле окууга, эс алууга, балдарынын жана жакындарынын туруктуу жашоосуна жол берилгис деп эсептейбиз.
Жыйынтыктап айтканда, жарандык коомдун позициясын туура түшүнүүгө үмүттөнөбүз деп айткыбыз келет. Анткени жарыяланган жана таанылган адамдын укуктарын, эркиндиктерин ишке ашырууга түздөн-түз чектөөлөрдү жана тыюу салуучу мыйзам демилгелеринин авторлорун колдоп, өзгөчө көңүл бурбай коюуга болбойт", - деп айтылат кайрылууда.