Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды
RU

Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан Кыргызстандын жараны кармалганын кабарлайт. Атайын кызматтан кабарлашкандай, К. уулу А. Украинага көчүп барган.

Маалымдалгандай, ал кыргыз жараны болуп туруп Украинанын аймагындагы аскердик топтордун катарында операцияларга катышкан. 11-январда К. уулу А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/9896