Караколдо өрт чыккан үйдөн 13 адам эвакуацияланды
1629
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен 13 адам эвакуацияланды. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрттөн жабыркагандар жок.
Бүгүн, 5-январда турак үйдүн электр калканычынан өрт чыгып, куткаруучулар жашоочуларды терезе аркылуу алып чыгышты. Өрт саат 15:30да чектөөгө алынып, саат 15:58де толук өчүрүлдү.Бактыга жараша, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда дешет министрликтен.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/9824