Бишкекте окуучулар 9-10-декабрь күндөрү онлайн окушат. Себеби
Бишкектеги мектептерде окуу процесси 2 күнгө онлайн форматка өттү. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, борбор калаада өтчү Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу жолдор маал-маалы менен жабылат. Ошондой эле коомдук транспорттордун каттамына чектөө киргизилет
"Ушуга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатында 9-10-декабрь күндөрү окуучулар онлайн окушат",
- дешти башкармалыктан.Бүгүн, 9-декабрда борбор калаадагы 11 мектепте (№32, 45, 51, 65, 67, 52, 23, 11, 4 жана 62) жардыруучу зат бар экени айтылып, билим берүү мекемелери курчоого алынып, текшерүү жүргүзүлдү.
Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан айрым мектептерде жардыруучу зат бар делинген маалыматтар жалган экенин кабарлашты.