MegaCom "Китеп порталы": Акцияга катышып "Раритеттен" бестселлер утуп ал
MegaCom уюлдук оператору жана "Раритет" дүкөнү китеп сүйүүчүлөрү үчүн "Айдын мыкты окурманы" биргелешкен акциясы уюштурулуп жатканын кубануу менен кабарлайт.
Акциянын негизги шарты - "Китеп порталы" сервисинин активдүү колдонуучусу болуп, өз аккаунту менен порталга көбүрөөк кирип туруу. Ар бир айдын жыйынтыгы менен эң активдүү деп эсептелген 3 колдонуучу "Раритет" китеп дүкөнү сунуштаган 3 китептин бирин тандап алат.
Март айынын алгачкы 3 жеңүүчүсү төмөнкү китептерден турган белекти тандап алса болот.
Биринчи орун үчүн:
· "Шантарам" (Грегори Дэвид Робертс);
· Мектеп окуучулары үчүн Дүйнө атласы;
· "Жогорку эффективдүү адамдардын 7 көндүмү" (Стивен Р.Кови).
Экинчи орун үчүн:
· Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын чакан жыйнагы;
· "Коралина" (Нил Гейман);
· "Кылычсыз Самурай" (Китами Масао).
Үчүнчү орун үчүн:
· "Дориан Грейдин портрети" (Оскар Уайльд);
· "Кичинекей ханзаада" (Антуан де Сент Экзюпери);
· "Феррарисин" саткан кечил" (Робин Шарма).
"Китеп порталы" сервисинин колдонуучулары активдүү окурмандар арасынан өз рейтингин бир ай бою *9718# буйруусу аркылуу көзөмөлдөп тура алат. "Айдын мыкты окурманы" акциясы тууралуу толугураак маалыматты book.megacom.kg сайтынан окуңуздар.
Бош убактыңызды пайдалуу өткөрүңүз. MegaCom менен бирге китеп окуп, бирге жеңишке жетиңиздер!