Канат Исаев, Равшан Жээнбеков жана Бектур Асанов камакта калтырылды
Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 10-ноябрда мурдагы депутаттар Канат Исаев, Равшан Жээнбеков жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановдун жактоочусунун апелляциялык арызы каралды. Анда сот жактоочунун арызын канааттандырган жок.
Биринчи Май райондук сотунун буга чейинки чечими күчүндө калтырылды. Тагыраагы, Канат Исаев 23-ноябрга чейин, Равшан Жээнбеков жана Бектур Асанов 20-декабрга чейин камакта болот.
Белгилесек, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.
27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Камакка алынгандар:
- Акылбек Айтбаев.
- Айданбек Акматов.
- Нурлан Асанбаев.
- Бектур Асанов.
- Атай Бейшенбек.
- Азимбек Бекназаров.
- Эрлан Бекчороев.
- Айбек Бусурманкулов.
- Гулнара Журабаева.
- Кеңешбек Дүйшебаев.
- Равшан Жээнбеков.
- Кубанычбек Кадыров.
- Рита Карасартова.
- Чынгыз Капаров.
- Таалайбек Мадеминов.
- Улукбек Маматаев.
- Жеңиш Молдокматов.
- Асия Сасыкбаева.
- Клара Сооронкулова.
- Перизат Суранова.
- Али Шабдан
- Марат Баязов.
- Канат Исаев.
Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандалган. Андан сырткары Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалып, СИЗОго киргизилген.
Канат Исаевден башкасынын иши "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Исаевдин иши "жашыруун" деп белгиленген.