Модель Алтынай Ботоярова: "Аалам сулуусу" сынагына катышууга 25 миң доллар керектелет
"Аалам сулуусу" сынагында Кыргызстандын атын таанытайын деп турган модель Алтынай Ботоярова даярдыктары тууралуу Kaktus.kg сайтына айтып берди. 2021-жылы Кыргызстандын ажарлуу кызы деп табылган Алтынай дүйнөлүк сынактын катышуучуларынын ичинен эң эле кенжеси экенин айтат.
"Жашым 18ге жете элек болгондуктан уюштуруучулар башында кабыл албайбыз дешти. Кийинчерээк макул болушту. Бул сынакта подиумга бикиничен чыгуу мага маселе жаратып жатат. Азыр бул боюнча сүйлөшүп жатабыз, мага бикиничен чыгуу жакшы эле кыйын болуп турат", - дейт ал.
"Аалам сулуусу" сынагына катышууга 25 миң доллар керектелет. Каржы маселеси кандай чечилип жатканы боюнча Алтынай: "Чоң суммадагы каражат кетет. Апам демөөрчүлүк кылып жатат. Андан башка каржы жагынан колдогондор жок", - деди.