Бүгүндөн баштап Бишкек-Ош жолунда жүргүнчү ташыган унааларга чектөө кирди
Бишкек-Ош жолунда автобустар, кичи автобустар, ошондой эле кышкы мезгилге ылайык дөңгөлөктөр тагылбаган минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга бүгүн, 15-октябрдан баштап тыюу салынат. Бул туурасында Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана оор кесепеттерге алып келген кырсыктарды болтурбоо максатында 2022-жылдын 15-октябрынан 2023-жылдын 1-майына чейин Бишкек-Ош жолунда жүргүнчүлөрдү автобустардан тышкары автобустар, кичи автобустар менен ташууга тыюу салынат. Чүй облусунун Сосоновка айылындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы стационардык посттордо кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган минивэндер, автобустар менен ташуу фактыларынын алдын алуу иштери күчөтүлөт", -
дешет мекемеден.Белгилей кетсек, 14-октябрда Бишкектен Кемпир-Абад суу сактагычына 3 кичи автобус менен журналисттер жана курултайдын катышуучулары чыгышкан. Бирок аларды Сосновка постунан жол кыймылынын коопсуздук кызматкерлери өткөрбөй, тоскоолдук жаратышкан.