Кемпир-Абад боюнча кандай нааразычылык болуп жатат. Көйгөй эмнеде (чоо-жайы)
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча акыркы күндөрү чуу жаралып жатат. Кыргызстанда жайгашкан бул суу сактагыч Өзбекстанга берилди деген болжолдуу маалыматтар элдин нааразычылыгын жаратууда.
Ал үчүн президент атайын Өзгөнгө барып эл менен жолугушуу өткөрдү. Бирок "жалпы элге маалымат берилбей, кол чаап коштогондор үчүн гана жыйын болду, ачык-айкын болгон жок, видеого тартууга тыюуу салынды" дешип жергиликтүү эл нааразычылыгын билдирдүүдө. Ал эми бийлик муну жыйын болгон имарат тар болуп эл батпай калганы менен түшүндүрдү. Kaktus.kg сайты бул көйгөйдүн чоо-жайын түшүндүрүүгө аракет кылат.
Кемпир-Абадды негизи ким курган, жер кимдики?
Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында жайгашкан.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык Кемпир-Абад суу сактагычы ССР учурунда курулган. Аны курууну 1960-жылдары Өзбек ССРи демилгелеген. Бирок, курула турчу жер Кыргыз ССРине карап турган. Алар суу сактагычтын курулушу үчүн 5 гектар жерди бөлүп берүүнү сурап, анын ордуна өзбек тарап компенсация катары 4 гектар жер берүүнү убадалаган. Ошентип, 1962-жылы кыргыз тарап өзбек тарапка макулдугун берет. Тиешелүү макулдашууга ошол кездеги Борбордук комитеттин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Министрлер кеңешинин төрагасы Болот Мамбетов кол койгон.
Өзбек тарап башка жерден компенсациялап берип, ал жерде жашагандар башка кыргыз айылдарына көчүрүлгөн. Алар үчүн үйлөрдү салууга өзбек тарап жардам берген. Бирок, бөлүнгөн каражат жетпей калганы айтылат.
Кийин 1965-жылы кыргыз-өзбек тараптар суу сактагычты куруу боюнча биргелешкен токтом кабыл алышкан. Курулуш иштери 1969-жылы башталып, 1983-жылы толугу менен бүткөрүлгөн.
ССР тараганда ар ким ээлеп турган жерлерин тосуп ала баштайт. Ошол кезде бул суу сактагычтын бир бөлүгү өзбек тарапта, бир бөлүгү кыргыз тарапта калат. Бирок иш жүзүндө аймакты өзбек чек арачылары кайтарып турган.
Макулдашууга ылайык, суу сактагыч Өзбекстандын 240 миң гектар жерин, ал эми Кыргызстандын 100 миң гектар жерин сугарып турмак.
Мындан сырткары суу сактагычтын сол жээгинде кыргыз тарапка канал куруп берүүнү, ал канал Өзбекстанды аралап өтүп, Кыргызстандын аймагына (Баткенге) суу алып барышы керек болчу. Бирок бул убадалардын баары аткарылган эмес.
Ал эми аталышы алгачкы жылдары Кемпир-Рават деп аталган. Бул эки тараптын макулдугу менен болгон. Кийин гана аны алар административдик жайгашуусуна карап "Анжиян" суу сактагычы жана "Анжиян" ГЭСи деп атап алышкан.
2021-жылы бул суу сактагыч боюнча чуу чыккан. Эмне болгон чуу
2021-жылдын 23-мартында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анда Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы (дамбасы) өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын маалымдаган.
Бирок төмөнкү шарттарды сактаган учурда плотина алардын аймагында калтырыларын айткан.
- Суу ресурстарын биргеликте башкаруу боюнча өкмөттөр аралык келишим түзүү;
- Суу 900 горизонталдан көтөрүлбөйт;
- кыргыз тараптын сууну ээн-эркин пайдалануусуна шарт түзүп берүү;
- Өзбекстан суунун жээгине тосмо койбойт.
Бирок, буга эл нааразычылыгын айтып чыгышканканда Ташиев кайра Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, элди тынчыткан эле.
Учурда эмне үчүн кайра чуу жаралууда
Жакында эле Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келген. Ал менен Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу боюнча процедураны баштоого үчүн протоколго кол коюшкан. Анда Ташиев делимитациялоо процесси аяктаганы айтылган.
Кийин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөнү айтылып жатканын билдирип, суу сактагычка жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларын тынчсыздандырып жатканын айткан.
Өзгөндүн эли бул протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылып чыгышты. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жергиликтүү эл менен жолугушуу үчүн Өзгөнгө барышты. Алар менен биргеликте депутаттар, анын ичинде бул маселени көтөргөн Адахан Мадумаров да барган.
Алар эл менен жолугушууга барганы менен көп эл жыйынга кирбей калганына нааразы. Жергиликтүү тургундардын айтымында элди киргизбей, киргендерге видео тартууга уруксат берилген эмес. Айрымдары бир гана бул протоколду колдоп коштоп тургандар үчүн гана жыйын болгонун айтып чыгышкан.
Ал эми бийлик бул маалыматты четке кагып, имаратка эл батпай калганы үчүн баары киргизилбей калганын айткан. Бирок, кезек менен калган элдер үчүн өзүнчө жыйын болоорун, баары кабыл алынарын билдиришкен.
Жергиликтүү тургундардын жиберген видеолорунан жыйын бүткөндөн кийин сыртта күтүп турган эл президенттен түшүндүрмө берүүсүн талап кылганын, ага карабай Жапаров түз унаага түшүп кеткени көрүүгө болот. Анын артынан депутат Адахан Мадумаров чыкканда эл кол чаап коштоп турушту. Бирок андан да Кемпир-Абад боюнча түшүндүрмө сураганда ал деле эл менен сүйлөшкөн эмес.
Бирок, Адахан Мадумаров Азаттыкка "Кемпир-Абад" суу сактагычы Өзбекстанга өткөрүлгөнүн билдирген.
"Кемпир-Абад кетти. 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Ошондуктан мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай жыйындарды кандай өткөрүшөрүн билесиңер да", - деген.
"Эл көп, чоң эле стадионго жолугушуу кылса болбойт беле? Эмне үчүн видеого тартууга да тыйюу салышты, ачык-айкын болбой жатат" деп суроо салган элдин күмөн саноосу күч.