Россиядагы мобилизациялоо Россиядагы кыргызстандыктарга кандай таасирин тийгизет
21-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин Украина менен болуп жаткан согушка байланыштуу "жарым-жартылай" мобилизациялоону жарыялады. Ага 300 миңдей адам тартылары күтүлүүдө жана ал жерде өзгөчө шарттар бар.
Ал эми жарандарга эбак эле чакыруулар жөнөтүлө баштады.
Еще видео с моего родного города Нерюнгри Республика Саха (Якутия) pic.twitter.com/haaWQX17uf
— Polina (@poli_golobokova) September 22, 2022
Жада калса контракт менен Россиянын аскери болууга макул болгон мигранттарга орус жарандыгын берүүнү убадалап жатышат.
Бул жагдай Россиянын жарандыгын алып, ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктарды тынчсыздандырып жатат.
Мобилизация Кыргызстанда Россиянын паспорту менен жургөн кыргыздарга таасирин тийгизеби?
Ооба, анткени алар Россия Федерациясынын жарандары. Биринчи жана экинчи толкундун чакырыгынын өзгөчөлүктөрү бар.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинын айтуусунда россиялык паспорттору бар кыргыздар, эгерде алар мурун жарандыктан чыгуу жөнүндө арыз бербесе, демек башка жарандыгы бар Кыргызстандын жараны болуп эсептелет.
Бул мыйзамга киргизилеби?
Россиядан келген кабарларга караганда адам укуктары кеңешинин мүчөсү Кирилл Кабанов 10 жылга жетпеген Россиянын жарандыгын алган Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жарандарды милдеттүү түрдө аскерге чакыруу демилгесин даярдап жатканын билдирди.
Бул абалды абдан татаалдаштырышы мүмкүн.
Кандай учурда мыйзамдуу түрдө аскердик кызмат өтөбөй койсо болот?
Анын шарттары көп. Феликс Кулов муну изилдеп көргөн.
Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык:
- Эгерде оорулуу туугандары болуп, аларды караганга башка мыйзамдуу жакындары жок болгон учурда.
- 16 жашка чейинки төрт же андан көп баласы бар болсо же 16 жашка чейинки кеминде бир баланы энесиз багып жаткан болсо.
- кош бойлуулугу 22 жумадан кем эмес аялы жана 16 жашка чейинки үч баланы багып жаткан болсо милдеттен бошотулат.
Кыргызстандан өзгөрүшү керек болгон документтерди эмне кылуу керек?
Негизинен Кыргызстандан тышкары жерде иш кагаздарды каттоо же алмаштыруу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Толук маалыматты консулдуктардан жана элчиликтерден алса болот.
Министрлик кырдаал боюнча кийинчерээк түшүндүрмө берүүнү убадалады.
Же өлкөгө кайтуу керек.
Россиянын жарандыгын алуу үчүн орус армиясында кызмат өттө боюнча келишимге кол коюу сунушталса эмне кылуу керек?
Бул маселе боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги буга чейин эле тынчсызданып келет. Департамент төмөнкүлөрдү билдирди:
КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, кыргызстандыктар чет мамлекеттердин согуштук аракеттерине катышса мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
Эгерде мындай сунуш түшсө Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кайрылышы керек.
Бардык маалыматты бул ссылкага кирип токуп алсаңыз болот.
Учурда мындай сунуштар менен чакыруу каттары келип жатабы?
"Кыргыз биримдиги" уюмунун президенти Абдыгана Шакировдун айтымында, азырынча Россиянын жарандыгын алган мурдагы кыргызстандыктардан чакыруу кагазын алган-албаганын билүү кыйын, анткени алар бир топ бөлөк жашашат.
"Алар биз менен көп сүйлөшүшпөйт. Анан бизге мындай маалыматты бериши күмөн", - деди ал.
Жарандыкты алуу үчүн аскердик келишимге кол коюу жана Украинадагы согушка катышуу боюнча да маалымат аз.
"Мыйзам иштей баштаса эле Кыргызстандан кандай жарандардын агымы бар экени билинет. Келишим түзүүгө даяр болгондор, Россияга отурукташып калууну каалагандар болот", - деди ал.
Кыргызстандын жарандыгын калыбына келтирсе болобу?
Бул үчүн тиешелүү каттоо органдарына, калкты тейлөө борборлоруна кайрылышыңыз керек. Толук маалымат алуу үчүн 119 телефонуна чалыңыз.
Ал үчүн Кыргызстанга келүү керек. Шилтемеде чоо-жайы бар.