Эгемендүүлүк салтанаты. Мамлекеттик туу 31 метр бийиктикке көтөрүлдү
Бүгүн, 31-августта, Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Анда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болду.
Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү салтанаты
Бүгүн, 31-августта, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү салтанаты болуп өттү.
Мамлекет башчысын ардак кароол ротасы тосуп алды.
Гимндин коштоосунда Кыргызстандын мамлекеттик туусу 31 метр бийктикке көтөрүлдү.
Адан соң Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкө жарандарын майрамы менен куттуктады.
Иш-чарага өлкөнүн жогорку жетекчилиги, экс-Президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, коомдук ишмерлер, Кыргызстанда катталган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышты.