Отунбаева менен Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратууну эл өкүлү сунуштады
Экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратуу сунушталды. Мындай демилгени депутат Жеңиш Токторбаев көтөрүп, "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Токторбаев мыйзам долбоору бюджеттик каражаттарды рационалдуу колдонууга багытталарын белгилеген.
Документке ылайык, экс-президенттерди төмөндөгүдөй артыкчылыктардан ажыратуу сунушталууда:
- Жаңы президент ишке киришкенден кийин бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны пайдаланууну токтотуу;
- Мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратуу;
- Өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болуусунан ажыратып, жан сакчыларды өз эсебинен каржылоо;
- Экс-президентти, жубайын жана жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөөнү алып салуу;
- Мамлекетке караштуу телефон, интернетти акысыз колдонуу, почта жана телеграф жөнөтүүлөрдү өкмөттүк разрядда тейлөө беренесин жокко чыгаруу.
Азыркы мыйзам боюнча экс-президент макамына ээ болгондор жогорудагылардын барын пайдаланууга укуктуу. Ал эми депутат сунуштаган мыйзам долбоорунда бир гана пенсия жана маяна өзгөртүүсүз калган. Анын өлчөмү президенттин айлыгынын 75 пайызына барабар.