Кыйноолор боюнча айыптоолордун санынын азайган тенденциясы байкалууда
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчилиги журналисттер менен болгон жолугушууда бул иштин маанилүүлүгү жана эмне үчүн алдын алуу механизмин сактап калуу керектиги тууралуу айтып берди.
24-февралда Бишкек шаарында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчилиги менен журналисттердин бейрасмий жолугушуусу болду. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков ЖМКга жабык мекемелердеги пандемия учурунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары жана борбордун ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.
"Борбор өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө эркиндиктен ажыратылган же чектелген жерлерде кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу боюнча бир топ иштерди аткарып, тийиштүү натыйжаларды көргөздү. Бүгүнкү күндө келип түшкөн сигналдарга таасир этүүчү так механизм иштелип чыкты.
Кыйноолор боюнча айыптоолордун санынын азайган тенденциясы байкалууда. Бирок, бул кыйноолор системасы түп-тамырынан бери өзгөрдү дегенди билдирбейт.
Бүгүнкү күндө социалдык мекемелердеги тейлөө жана тамактануунун шарты жарым-жартылай гана жакшы жакка ооду деп, айта алабыз. Эгерде алдын-алуу органы түзүлгөнгө чейин адамдар ички иштер бөлүмдөрүндө же мекемелерде өзүлөрүнө карата зөөкүрлүк мамилеге дуушар болушкан болсо, анда акыркы байкоолорго ылайык, алар белгисиз аймакка алынып келинип, тергөө жүргүзүүнүн тыюу салынган ыкмаларын колдонуп жаткандыгы байкалууда" -деп белгиледи, Кыйноолорго каршы күрөшүү улуттук борборунун башчысы Бакыт Рысбеков.
Пандемия учурунда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринин кыймыл аракети чектелген. Жабык мекемелерде жаткан адамдардын дагы көптөгүн укуктарына чектөө киргизилген. Мисалы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ушул мезгилде бардык мамлекеттерге түрмөлөрдүн санын кыскартууну жана мамлекетке, коомго коркунуч келтирбегендерди үйдөн чыкпоого же үй камагына чыгаруу чечимин киргизүүнү сунуштаган. Бирок, кыргыз бийлиги бул сунушка кулак салган эмес.
"Ушул кезге чейин жабык мекемелерге, тактап айтканда, СИЗОлорго, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, убактылуу кармоочу жайларга, ИИМге барганда, улуттук борбордун кызматкерлеринен терс көрсөткүчү бар ПЦР тестин сурап келишет, бирок медиктер аны коронавирустук инфекциянын белгилери пайда болгондо гана тапшырууну сунушташат. Ошол эле учурда, мамлекет бул борборду ПЦР тесттери менен камсыз кыла албайт, андыктан биз өнөктөштөргө кайрылууга аргасыз болобуз", - дейт Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун күн сайын дуушар болуп жаткан кыйынчылыктары тууралуу айтып жатып Бакыт Рысбеков.
2020-жылдын 22-сентябрынан 23-октябрына чейин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор адам укугун коргоочу уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте 15 профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүп, жабык мекемелерде инфекциялык коопсуздукту жана жабык мекемелердеги медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн текшеришти.
Сурамжылоонун жүрүшүндө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дээрлик бардык мекемелери кошумча жеке коргонуу каражаттарына, дезинфекциялоочу каражаттарга, антисептик жана дары-дармектерге муктаж экендигин билдиришти.
Курч респиратордук вирустук инфекциялар белгилери менен ооруган адамдар үчүн акысыз ПЦР анализин алууга мүмкүнчүлүктүн жоктугунан, оорудан кийин калыбына келтирилген кызматкерлердин жана соттолгондордун толук эсеби бардык мекемелерде жүргүзүлгөн эмес. Оорунун учурлары курч респиратордук вирустук инфекция катары катталып жатса, ошол эле учурда №1 убактылуу кармоочу жайда жана №19 түзөтүү колонниясында тергөө жүрүп жаткандар жана соттолгондор коронавируска массалык түрдө учураганын жарыялашкан. Бардык бейтаптар №47 колонияга жаткырылып, ал жерде 1000ден ашык пневмониянын белгилери менен кайрылгандардын учурлары катталган. Алардын көпчүлүгү оорунун жеңил жана орточо түрү менен жабыркаса, 6 адам пневмониядан улам көз жумган.
- Аны менен катар эле кармоонун шарттары кескин начарлап кетти: тамак-ашка, сейилдөөгө чектөөлөр киргизилип, адвокаттар менен жолугушууга тыюу салынган. Камактагылардын баш коргоо чарасы автоматтык түрдө узартылып, алар керек болсо, сотко да катышпай калышкан.
Бишкек шаарынын СИЗОсунда инфекциялык көзөмөл 47,4% ды түзүп, талап кылынган чаралардын жарымы да колдонулган эмес.
Кармалган 40 адам коронавирустун белгилери бар экендигин билдирип, администрациядан жардам сурап кайрылышкан, бирок алардын экөө гана дарылануудан өткөн", - деди Улуттук борбордун координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары Айдар Сыдыков.
Жашыруун сурамжылоонун жүрүшүндө, тергөө изоляторлорунда отурган респонденттер желдетүүнүн жоктугуна, таза абага жетүүгө жана адамдардын көптүгүнө нааразы болушкан.
"Дем алуу кыйын, желдетүү жок, камерада адамдар көп, антисанитардык шарттар, анысы аз келгенсип хлор менен иштеп чыгышат". "Биз ооруп жатканда, санитардык бөлүмдөн аспирин менен омепразолдон башка эч нерсе беришкен жок. Баары нервденип, бизди эч ким ойлобойт. Жада калса бир камерада жалгыз калбоо үчүн, ооруп жатабыз деп айтуудан коркобуз", - деп сурамжылоонун жүрүшүндө улуттук борбордун өкүлдөрүнө жооп беришкен.
Маалымат үчүн
Кыйноолордун алдын алуу боюнча Кыргыз улуттук борбору 2012-жылы түзүлгөн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги иш-аракеттери укугунан жана эркинен ажыраган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилелерди болтурбоого жана камакта кармоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшүүгө багытталган.
Улуттук борбордун ыйгарым укуктарына ылайык, жалпысынан 494 жабык мекеме кирет. Кыйноолордун алдын алуу боюнча Кыргыз улуттук борборунун жигердүү иши башталгандан бери 6577 профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү: ИИМ - 3646, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында - 1579, Социалдык өнүгүү министрлигинде - 351, Саламаттыкты сактоо министрлигинде - 238, Куралдуу Күчтөрдүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемелери - 214, УКМК - 121, Билим берүү министрлиги - 305, жергиликтүү бийлик - 72, жеке менчик балдар мекемелери - 37, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы - 11, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында - 3. 2016-жылы 1096 жолу эң көп иш сапар катталган.
2020-жылы улуттук борборго: кыйноолор боюнча 41 даттануу, 40 зөөкүрлүк мамиле, 19 камакка алуудагы адамгерчиликсиз, кадыр-баркты бузган окуялар тууралуу 100 арыз келип түшкөн.