Зордукталган 13 жашар кызга 764 миң сом чогулду
2950
Бишкекте зордукталган 13 жашар кыздын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү максатында каражат топтоло баштаган. Бүгүнкү күндө 763 242 сом 98 тыйын чогулду. Бул туурасында алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.
"Урматтуу достор, демилгелүү топ милиция кызматкерлери тарабынан зордук-зомбулукка кабылган 13 жаштагы кызга жардам берүү үчүн акча чогултуу акциясын жарыялаганы эсиңизде болсо керек. Жооп бергендердин баарына рахмат. Биз биригип 763 242 сом 98 тыйын чогултууга жетиштик.
- 100 000 сом "Оазис" фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиеванын катышуусунда үй-бүлөнүн муктаждыктарына которулду;
- 50 000 сом мурда кыздын атасына которулган;
- Кыздын дарылануусуна жана керектүү буюмдарын алууга 100 000 сом бөлүндү;
- Эсебине 513 242,98 сом которулуп, кыздын окуусуна жумшалат.
Жабырлануучуга колдоо көрсөткөндүгү үчүн бардык кызыкдар болгондорго чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз",-деди Эркин.
.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/7736