Президентке мектеп салып бериңиз деген интернет жылдызы Бекболот тасмага тартылууда
Алгач дюшес ичип отурган видеосу, кийин Ысык-Көлдүн Балбай айылына эки кабат мектеп салып бериңиз деп президент Садыр Жапаровго кайрылып интернет жылдызына айланган Бекболот Турдушов эсиңиздеби? Ошол бала учурда "Келечек" аттуу тасмага тартылууда. Бул туурасында тасманын режиссёру Болотбек Тилек тарабынан белгилүү болду.
"Бекболот Турдушов менен Бегимай Касымалиеваны тартуучу топ тандап алдык, калган балдар, кыздар кастинг аркылуу тандалды", -
дейт ал.Патриоттук комедия жанрындагы тасма - бүгүнкү күндөгү мектеп окуучулары менен мугалимдердин ортосундагы мамилени бекемдөө жана мектеп тартибин жөнгө салууну баяндайт. Болотбек Тилек комедия октябрь айында мугалимдер күнүнө карата жарыкка чыгат дейт.
Бекболот Турдушов 1-классында дюшес ичип отурган видеосу, 2-классында мектеп салып бериңиз деп Садыр Жапаровго кайрылган видеосу менен талкууга алынган.