Көлдөгү массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду. Видео
5124
29-июнда Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатынын пляжында болгон мушташ фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Буга чейин маалымдалгандай, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө пляжда мушташкан 18 адам алынып келинген. Мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталып, анын ичинен 3 эс алуучу жана пансионаттын коопсуздук кызматынын 8 кызматкер бар.
Мушташтын негизги себепкери делген 34 жаштагы М.Э. Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилген. Мушташтын башка катышуучуларына карата тергөө амалдары жүрүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/7320