13-майга карата аба ырайы
3561
13-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, бийик тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22…27;
- Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 21…26;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
- Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 3…9, күндүз 15…21;
- Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус.
- Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт . Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус болот.
Маалымат Azattyk.org сайтынан алынды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/6658