БААУнун жаңы муун академиясынын стипендиялык программасы ачылды! Тапшыруу шарттары
Борбор Азиядагы Америка Университетинин Жаңы муун академиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген орто мектептеринин 25 бүтүрүүчүсүн толук стипендия менен камсыздайт.
ЖМАнын стипендиялык программасы студенттин төмөнкү чыгымдарын камтыйт:
- ЖМАда бир жылдык окуунун толук баасын
- Жатаканадагы жашоосун
- Ай сайын төлөнүүчү стипендиясын.
Стипендиялык программага кимдер документтерди тапшыра алат?
Талапкерлер төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
- Тапшыруу учурунда Кыргызстанда жашоосу жана КРнын жараны болуусу.
- Англис тилин орто деңгээлде билиши шарт.
- 2021/2022 окуу жылынын орто мектептин/ колледждин бүтүрүүчүсү болушу керек.
ЖМАнын стипендиясына кантип тапшырса болот?
I кадам: Стипендия алыш үчүн талап кылынган документтерди жана арыз формасын 2022 жылдын 13-майына чейин тапшыруу абзел.
II кадам: Англис тилинин деңгээлин аныктоочу тест тапшырып жана аңгемелешүүдөн өтүү керек.
Анкетаны жана документтердин тизмесин окуу жайдын веб-сайттынан тапсаңыздар болот.
МААНИЛҮҮ: Экинчи турга өткөн абитуриенттер гана тестирлөөгө жана аңгемелешүүгө чакырылат.
ЖМАга окууга тапшыруу жөнүндө кенен маалымат:
- [email protected]
- +996 220 118 243
- Сайт: https://auca.kg/ru/nga/