Жамгыр эле эмес, кар да жаашы мүмкүн. Эртеңки аба ырайы
15-мартта Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
15-мартта жаан-чачынга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу автомобиль жолдорунда кар көчкү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл.
Чүй облусу
Түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;
Талас облусу
Түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;
Ош облусу
Түнкүсүн 5…10, күндүз 6…11;
Жалал-Абад облусу
Түнкүсүн 5…10, күндүз 6…11;
Баткен облусу
түнкүсүн 5…10, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусу
Түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;
Нарын облусунда
Түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;
Бишкек
Түнкүсүн 2…4, күндүз 7…9 градус болот. Маал-маалы менен жаан жаайт.