Бүгүн жетинчи күн. Украинада учурда эмне болуп жатат
Бүгүн, 2-март Владимир Путин Украинада жарыялаган атайын аскердик операциянын жетинчи күнү. Украинада жана дүйнөдө эмне болуп жатканын материалдан окуңуз.
Европада газдын баасы 2021-жылдын 21-декабрынан бери биринчи жолу миң куб метрине 2100 доллардан ашты, деп билдирет ТАСС.
Россия банкы Россияга каршы санкция жарыялаган 43 өлкөнүн жарандарына акча которууга тыюу салды. Борбордук банк тиешелүү буйрук менен катты 1-мартта кредиттик мекемелерге жөнөттү, деп маалымдайт документти изилдеген РБК. Тыюу 2022-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин күчүндө болот. Бул чечим жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү.
Аукциондо евронун курсу өзүнүн тарыхый максимумуна жаңырды - 122 рублден ашты. Доллар да рекорддорду жаңыртты – 109,5 рубль деп билдирет Интерфакс.
Россия Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берди
- Украинанын 1502 аскерий объектиси иштен чыгарылды, жердеги 47 жана абадагы 11 учак, ошондой эле 472 танк жана 46 учкучсуз учак жок кылынды;
- Запорожье областынын Токмок жана Васильевка шаарларына контроль орнотту;
- Орус авиациясы Украинанын аскердик инфраструктурасына чоң сокку урду;
- Орус аскерлери Киевдеги телемунаранын уктуруу жабдууларын иштен чыгарышты.
- Азыркы шарттарда бул билдирүүнүн аныктыгын текшерүү да мүмкүн эмес.
Украина орус тараптын жоготуулары тууралуу
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өз өлкөсүнүн аймагында согуштук аракеттер башталгандан бери 5 миң 840 орусиялык аскер курман болгонун билдирди. Ошондой эле башка россиялык жоготуулар жөнүндө кабарлайт:
- учак - 30;
- тик учактар - 31;
- танктар - 211 чейин;
- күжүрмөн бронетехника - 862;
- артиллериялык системалар - 85;
- зениттик согуштук системалар - 9;
- RSV/MLRS - 40;
- күйүүчү май бактары - 60;
- УУА ыкчам-тактикалык деңгээли – 3;
- жеңил кайыктар - 2;
- автомобилдер/транспорт каражаттары - 355.
Бул маалыматтын анык эмеес, анткени Россиянын Коргоо министрлиги алар тараптан каза болгондор тууралуу азырынча эч кандай маалымат бере элек