Атамбаев менен Назарбаевдин талашы эмнеде болгон?
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ортосундагы пикир келишпестикке эмне себепкер болгонун айтып берди. Ага Атамбаевдин 2017-жылдын октябрь айында айтылган сөзү эмес, 2016-жылы "Ата-Бейит" мемориалына байланыштуу окуялар уруштун башталышына негиз болгон.
Kaktus.kg редакциясы саясатчынын билдирүүсүн толугу менен келтирет.
"Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев жакында казак элине кайрылып, аны боордошторубуз абдан жылуу кабыл алганын билесиздер.
Кайрылуусунда Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаев менен мамилеси 2016-жылдын сентябрынан кийин начарлаганын белгиледи.
Ал арада Кыргызстан менен Казакстандын элдери эле эмес, атүгүл жогорку саясий чөйрөнүн өкүлдөрү да Атамбаев менен Назарбаевдин мамилеси Алмазбек Шаршеновичдин 2017-жылдын октябрында Кыргызстандын шайлоо процессине кийлигишкенине жооп катары Нурсултан Абишевичге каршы сүйлөгөн сөзүнөн кийин үзүлгөн деп эсептешет. Анда Атамбаев кайсы окуя жөнүндө айтып кетти?
2016-жылдын сентябрь айынын башында бүткүл коомго чоң дем берип, Кыргызстандын ар бир жаранын жаңы ийгиликтерге шыктандырып, өлкөбүздүн жаркын келечегине ишенимди жараткан Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өттү...
Ал эми 2016-жылдын 16-сентябрында КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин төрагалыгы алдында КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин юбилейлик жыйыны болуп өттү.
Эртеси күнү, 2016-жылдын 17-сентябрында, президент Алмазбек Шаршенович Атамбаев 60 жашка толду жана көпчүлүк аны куттуктап калышты.
Эртең менен бир катар лидерлер 1916-жылы курман болгондордун мемориалына гүл коюу үчүн Ата-Бейитке жөнөп кетүүгө камынып, резиденцияда атайын тигилген боз үйдүн алдында чогулмак.
Каргашалуу окуянын 100 жылдыгынын урматына эскерүү иш-чараларын өткөрүү чечими ал кезде өтө кооптуу болгондугун, кыргыз-орус мамилесине терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн, бирок биздин муундун ата-бабаларыбыздын алдындагы милдети экендигин айтуу керек. Орто Азиянын беш өлкөсүнүн ичинде жалгыз гана Кыргызстан мындай кадамга барганын баса белгилеш керек.
Окумуштуулардын, тарыхчылардын айтымында, Үркүндө 200 миңдей ата-бабаларыбыз каза болгон. 1916-жыл уламыштарда, сооротпогон жандын ырларында, орду толгус жоготууларды жоктоодо, элибиздин эсинде калды. Мунун баары 100 жыл элдин жан дүйнөсүндө терең сакталып калган – бул жөнүндө сөз кылууга да, жазууга да, айтууга да мүмкүн эмес болчу.
Биздин ата-бабаларыбыздын он миңдеген сөөктөрү эч качан тийиштүү деңгээлде көмүлгөн эмес жана бул коркунучтуу окуяны эстөө бизге тынчтыкта жашоого мүмкүнчүлүк берген эмес.
Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2016-жылы Кыргызстанда баардык тоо кыркаларында, ашууларында адамдардын сөөктөрүн чогултуп, тажияларды өткөрүп, адамдар өлгөндөн 100 жыл өткөндөн кийин арбактар жайлуу болсун деп дуба окуп, кино-тасмаларды тартып, сүрөттөрдү тартышкан, кеңири талкуу жүргүзүп, мемориалдар жана эстеликтер ачылды. Акыры биз баатыр элдин урпактары экенибизди, өзүбүздүн тарыхыбыз бар экенин, аны билебиз, барктайбыз деп ишенимдүү, уялбай айта алдык.
Окумуштуулар, интеллигенция, коңшу мамлекеттердин элдердин кеңири катмары буга өз өлкөлөрүндө жетише алган эмес, мисалы, Казакстанда, кээ биринде, мисалы, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, алар аракет кылышкан да эмес. Падышалык режимдин кылычы 1916-жылы биздин ата-бабаларыбызга окшоп бүт Борбор Азиянын мамлекеттерин басып өткөн болсо да. Мисалы, Ислам Каримов ШОСтун саммити убагында өткөрүлгөн эки тараптуу жоолугушууда Алмазбек Атамбаевге бул трагедияны эскерүүгө Кремль каршы жана Путин мындай мемориалга эч качан барбайт деп айткан.
Албетте, орус жетекчилигин ынандыруу кыйын болду, бирок ошентсе да ошол жылдардагы бийлик муну жасай алды.
Ал эми 2016-жылдын 17-сентябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин баш болгон мамлекет башчылары мамлекеттик резиденциядагы боз үйдүн жанында чогулуп 1916-жылдын мемориалына гүл коюу үчүн кетмек болушкан.
Бирок күтүлбөгөн жерден Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Владимир Путинди колунан кармап, "Ата-Бейитке" барбоого көндүрө баштады. Анын айтымында мындай иш чара орустарга каршы багытталган, Атамбаев болсо улутчул, түпкү максаты элдердин арасына чок салуу экен. Кыргызстандан башка бир да мамлекет бул трагедиянын жүз жылдыгын расмий эскербегенин баса белгиледи казак президенти. Атамбаев болсо адаттагыдай курч жооп кайтарып, Назарбаевдин жашында Кудайдан гана коркуш керек, курман болгон ата-бабаларды сыйлаш керек деген сөздөрдү айтты.
Путин болсо эки президенттин талашын бир да сөз сүйлөбөй угуп турду.
Натыйжада Россия президенти Атамбаевге ынанып аны менен чогуу Ата-Бейитке гүл койгону кетти. Ал эми Назарбаев дароо аэропортко жөнөп, ал жерден Казакстанга учуп кетти...
Иш-чарадан кийин Путин Алмазбек Атамбаевдин алтмыш жылдыгын белгилөөгө анын Кой-Таш айылындагы үйүнө барды.
Владимир Путин даанышман адам катары Үркүндү эскерүү иш-чараларына эң жогорку деңгээлде Россиянын катышкандыгы эки элдин тарыхындагы кара баракты жабууга мүмкүнчулук берээрин, а болбосо аны саясий чагымчылар көп учурда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди начарлатыш үчүн колдонушаарын билген.
Ошол жылдар чын эле азыркы Кыргызстандын тарыхында алтын мезгил болчу – биздин өлкөнун тышкы саясатында, экономикада, энергетикада, транспорттук инфраструктурада, маданиятта жана башка тармактарда биздин мамлекет алдыга карай бараткан.
Элибизде колдо бар алтындын баркы жок деген макал бар. Жакында Борбор Азияда энергетикалык кризис болуп, андан соң эл экс-президент Атамбаевди Кыргызстанга өз алдынча энергетикалык шакекчесин түзгөнү үчүн мактай баштаганда ушул накыл сөздөр эске келди.
Бирок, чындыгында, жогоруда айтканыма окшош канча маанилүү тарыхый окуялар ошол жылдары болгонун биз такыр билбейбиз.
Алмазбек Атамбаев өзүнүн балалыгы тууралуу укмуштуудай жазылган китеби менен токтолбой, мындан ары да автобиографиялык эсселерин жазат деп үмүттөнөм...", - деп Темирлан Султанбеков жазган.