Садыр Жапаров инаугурация учурунда эмне жөнүндө сүйлөдү
Бүгүн, 28-январда, Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти милдетине расмий түрдө киришти. Инаугурация улуттук филармонияда өттү.
"Кадырлуу кыргызстандыктар! Ардактуу коноктор!
Алдыңарда туруп ант берип жаткан ушул салтанаттуу ирмемдерде - эки миң жылдан ашуун тарыхы, ар түрдүү окуяларга бай, күнү тууган замандарда Азияны дүңгүрөтүп улуу дөөлөт курган, жаза тайып алдырган замандарда далай азап-тозокту да баштан кечирген байыркы элимдин бүгүнкү тагдыры жана келечеги үчүн өтө жогорку жоопкерчилик мойнума тагылганын эң жакшы түшүнүп, бир эсе толкунданып турамын.
Бул жоопкерчилик жөнөкөй жоопкерчилик эмес.
Байыркы мезгилдеги Барсбек-каган жана анын үзөңгүлөштөрү, берегиде Мухаммед Кыргыз жана анын мүдөөлөштөрү, кечээгиде Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана алардын санаалаштары өз кезинде кыргыз элинин келечеги тууралуу кандай санаа чегип, түмөн ирет түйшөлүп, кандай жоопкерчиликти аркалашса, дал ошондой озуйпаны көтөрүү жана өтөөсүнө чыгуунун милдети биздин алдыбызда турат.
Бул жоопкерчиликти өзүмдүн санаалаштарым жана замандаштарым менен чогуу тартууга белсенүү, Ата-Журт алдындагы андай ыйык миссияны жетектөө мен үчүн өлчөөсүз сыймык!
Элибиздин басып өткөн жолу чыйралуунун, дем күтүүнүн орошон булагы болуп, тарыхтын улам бир жаңы барагын өздөштүрүүсүндө элимдин жигер-кайратын арттырып гана жүрүп отурган.
Андыктан улуу жана узак тарыхы бар элдин келечеги да кең болууга тийиш!
Мөөнөтүнөн мурдагы бул жолку президенттик шайлоо өзгөчө жагдайда өткөндүгүн, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришип жатканымдагы ант берүү каадасы да өзгөчө кырдаалда өткөрүлүп жаткандыгын белгилегим келет.
Бул жөн жерден эмес.
Бизди, жалпыбызды өлкөбүздөгү соңку жагдай, саясий процесстер ушуга кептеди.
Бу сапар элибиздин улуу максаттарга умтулуусу, үзүлбөгөн үмүт, татыктуу жашоо тууралуу кыялы баарыбызды тооруган пандемия коркунучунан да күчтүүлүк кылды.
Натыйжада, калың эл түрө көтөрүлүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга, мурдагы президенттин жана өкмөттүн бийликтен кетишине алып келди.
Өлкөбүз баш аламандыктын жана мыйзамсыздыктын чеңгээлинде калаарда, улуттук ынтымакты сактоо үчүн, 5-октябрь күнү элибиз аттанып, жапа тырмак талап кылган кыял-тилектин урматы үчүн чогуу-чаран жоопкерчиликти тайманбай өз мойнубузга алып, абалды турукташтыра алдык.
Анын ичинде мен дагы жан таттуу экен деп отуруп алган жокмун.
Ооба, биз отуз жылдан бери кыялданып келдик.
Курулай убадаларга ишенип, жетеленип келдик.
Биз кыска мөөнөттүн ичинде "Азиянын Швейцариясына" айланууну кыялдандык эле.
Биз ар бир алты жыл сайын бийликтин тынч жол менен алмаштырылып турушун, ар бир алты жыл сайын өлкөбүздүн турмушундагы ири жетишкендиктерди чогуу-чаран майрамдап, жарандарыбыздын жашоо стандарттарынын жогорулашына, ар бир үй-бүлөнүн жакшылыгына тең орток болуп, маңдайыбыз жарыла кубанып турабыз деп кыялдандык элек.
Биз парламентаризм идеяларын да теңирден тескери түшүнүп, жалпы саясий аң-сезимди, саясий маданиятты калыптандыруу мүдөөлөрүн кадыресе бизнес долбооруна айландырып алдык.
Депутаттык орундардын акчага бааланышы жалпы саясий маданияттын деградацияланышына алып келди, мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегине коркунуч туудурган көрүнүшкө айланды.
Ал ортодо, коомдогу социалдык жиктелүү күндөн-күнгө, жылдан-жылга курчуп отурду.
Тилекке каршы, соңку отуз жылдын ичинде коомубуздагы бир ууч топ гана байыгандын үстүндө болду.
Менчиктештирүүнүн жүрүшүндөгү калпыстыктар, экономикалык жаңылыш саясат адилет, байгер коомду куруу жөнүндөгү кыялдарыбызга, улуттук кызыкчылыктарыбызга кедергисин тийгизди.
Натыйжада, калың журттун чыдамы түгөндү.
Ал арада миңдеген мекендештеримдин "мигрант" атыгып, жакырчылыктын сазынан чыга албай, элимдин туш-тарапка чачылып кеткени, ушул көрүнүш тыйылбай уланып жатканы кабыргамды кайыштырат жана жанымды кашайтат!
Чыдамдуулуктун да чеги бар.
Андыктан, 5-октябрь күнү калың журттун парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабынын бийликти биротоло кетирүү талабына өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болду.
Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт!
Эл-журтумдун ошондогу талабын жүзөгө ашырууну көздөө менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги мүдөө-максаты болмокчу!
Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант-мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептеймин.
Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган түп атабыз Долон-бий, берегиде Бирназар бий аталарымдан келаткан осуятты урматтаган ата уулу катары озуйпам деп санаймын.
Кадырлуу кыргыз калкым!
Ардактуу коноктор!
Кыргызстан - соңку он беш жылдын ичинде бийликтин мөөнөтүнөн мурда кетиши менен аяктаган элдик толкундоолордун өлкөсү катары таанылгандыгы жашыруун эмес.
Ар бир толкундоонун арты коомдогу ыркты кетирип, улуттук ынтымактын бузулушуна алып келет, жарандык араздашуунун отун тутантып, мамлекеттин кыйрашын шарттайт деген кооптонуулар менен коштолуп, душмандарыбыз сүйүнүп турду, досторубуз күйүнүп турду.
Бирок биздин акылман элибиз, даанышман журтубуз өзүн андай саясий сокурлуктан бийик турарын көрсөттү.
Улуттук консолидацияга умтулуунун, регионализмдин жана ашынган улутчулдуктун чидеринен кутулуунун жолун тынбай көздөп, изденип жаткандыгын далилдеди.
Кыргыздарга ириде түндүк-түштүк болуп бөлүнүү, жердешчилик, уруучулук мүнөздүү, прогрессивдүү саясий дөөлөттөрдү өздөштүрүү али эрте деген көз карашты ички жана сырткы душмандарыбыз канчалык таңууласа да, акылман элибиз андай терс жоромолдорду, тайыз божомолдорду кабыл албайт экен.
Шайлоо өнөктүгү маалында эл-журтту аралап жүрүп, ага дагы бир жолу ынандым.
Белгилеп айта кетейин, шайлоо өнөктүгүн Талас жергесинен баштап, касиеттүү Манастын күмбөзүнө барып, Манас-Атанын рухуна арнап куран окуп жатканымда, элимдин ушул кыял-тилегин аркалоого, илгеридеги улут аталарынын - Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сындуу кеменгерлердин жолун талбай улап, "Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым" деген эки сап учкул сөз аркылуу туюнтулган эзелки кыялды, түпкү ураанды - улутту түптөөнүн жана өнүктүрүүнүн, улуттар аралык ынтымак идеологиясын андан-ары сүрөөнгө алууга эрдимди кесе тиштеп, ичимен шерт ичтим эле.
"Ырыс алды - ынтымак" дейт элибизде.
Ынтымакка коомдогу консенсус аркылуу гана алдыга илгерилей алабыз.
Мен ушул учурдан пайдаланып, өлкөбүздөгү бардык саясий күчтөрдү, санаалаштарымды жана оппоненттеримди, улуттук азчылыктарды жана диний конфессияларды, коомдун бардык катмарын ушул улуу мүдөөнү аркалоо жолунда тилектеш, максатташ болууга чакырамын!
Ардактуу коноктор!
Кадырлуу кыргызстандыктар!
Элимдин ар бир патриот, мекенчил уул-кызы кыялдангандай эле, мен дагы Кыргызстандын экономикалык жактан ыкчам өнүккөн, адам укугу урматталган, мыйзам үстөмдүгүнө умтулган, жаштары келечекке оптимизм менен караган, эркин жана кубаттуу өлкөгө айланышын кыялданамын.
Бул аруу тилекти жүзөгө ашыруу боюнча пландарым президенттик программамда айтылды, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жалпы журтка жарыялап, негизги жоболорун тааныштырдым.
Анын өзөккү идеясын кайталай кетейин: менин президенттик кылган жылдарым - экономиканы калыбына келтирүүнүн жана ыкчам өнүктүрүүнүн, ишкердүүлүктү, экономикалык жаратмандыкты туш-тараптан колдоонун, элибиздин жашоо стандартынын кескин жогорулашынын жылдары болуп калууга тийиш.
Ал үчүн коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, калың журттун коомдогу акыйкаттуулукка болгон ишеними калыбына келтирилиши шарт, эрки күчтүүлөр менен шыктууларга экономикалык эркиндик берилип, социалдык жактан алсыздардын катмары коргоого алынып, жаратмандык потенциалы ачылууга, чет элдик инвесторлорго колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстанга болгон ишенимдин жана урматтоонун рейтинги артууга тийиш!
Экономикалык өсүш улуттук маданияттын өнүгүшү, элибиздин рухий эргүүсү менен эриш-аркак жүрүшү абзел.
Элибиз - таланттуу эл. Түгөлбай Сыдыкбеков менен Чынгыз Айтматов, Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиев, Болот Миңжылкыев менен Кайыргүл Сартбаева, Сүймөнкул Чокморов менен Тургунбай Садыков сындуу генийлерди тартуулаган элдин уучу куру эмес, жаңы муундун өкүлдөрү аты аталган залкарлар жана алардын замандаштары жараткан бийиктикти, алар жараткан рухий-маданий дөөлөттөрдү, образдуу айтканда "маданий кайра жаралуунун" салтанатын кайталай алат деп ишенемин.
Маданий кайра жаралуунун жаңы толкунун көрсөм жыйырма биринчи кылымдын кыргызы катары арманым болбос эле!
Себеби, улуттук маданиятты өнүктүрүү, ал жөнүндө кам көрүү - улутту сактоого, мамлекетибиздин келечеги жөнүндө кам көрүүгө барабар!
Андыктан, негизги максаттарымдын бири - маданият тармагын мамлекеттин камкордугуна бөлөө саясатын жүргүзүү.
Өлкөбүздүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу стабилдүүлүк, алыскы жана жакынкы коңшуларыбыз менен ынтымакта болгон жагдайда гана ырааттуу түрдө ишке аша алат.
Кыргызстандагы саясий окуяларга кылдат байкоо салып, олку-солку кылган окуяларга чын дилден кабатырлануусун билдирген, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга, терең ыраазычылык билдиребиз.
Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да кыргыз калкына ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт.
Бул өлкөлөр менен тамырыбыз менен тарыхыбыз да жалпы, тагдырыбыз да жалпы.
Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо, экономикалык жана маданий байланыштарды улантуу - тышкы саясатыбыздын приоритети.
Бул саптагы мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн жана Түркияны кошо кетүүнү туура көрөм.
Дүйнөлүк саясатта жана экономикада ойногон ролу күн санап өсүп жаткан улуу коңшубуз Кытай Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына эң жагымдуу таасирин тийгизүүнү улантат деп ишенебиз.
Көп кылымдык коңшулук алаканы өз ара пайдалуу кызыкчылык үчүн колдонууга умтулуп, ал тажрыйбаны улам арттырып, жылдан-жылга байытып жүрүп отурушубуз керек.
Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт.
Эгемен Кыргызстан Америка, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулат.
Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму, Евразиялык Экономикалык Союз, Түрк мамлекеттер Кеңеши жана башка эл аралык уюмдарда эл аралык милдеттенмелерин татыктуу улантат деп ишендирем.
Кадырлуу замандаштар!
Ардактуу коноктор!
Мамлекетибиздеги башкаруу формасы тууралуу маселе кызыл чеке түшүргөн кызуу талкууну жаратып, мындай тарыхый кезеңди баштан кечирүү да маңдайыбызга жазылган экен.
Бул да тегин жерден эмес.
Соңку тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстан мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол жоопкерчилиги үчүн калың элдин алдында жооп бере алгыдай бийлик системасына муктаж!
Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара алаарын өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген.
Президенттик башкаруу - адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт.
Тар, өзүмчүл кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келээрин, аягы эмне менен бүтөөрүн жакшы билебиз.
Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу - калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү.
Ошону менен бирге, президенттик башкаруу - өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий-экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдү, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет.
Биздин максат - мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу.
Алдыдагы конституциялык реформа ушул максаттарга багытталган.
Урматтуу мекендештер!
Биздин бүгүнкү абалыбызды канааттандырарлык деп сыпаттагандан алысмын.
Отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин багыма - президенттигим башталган мезгилге туш келди.
Ал ортодо, коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 млрд доллар) карызы бар экен.
Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолоору айкын.
Ошондуктан, менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат.
Ал чараларды жүзөгө ашырууда эрки күчтүү элибиздин дем-күчү, колдоосу кубат берет деп терең ишенем.
Биз, Кыргызстан, XXI кылым койгон чакырыктарды туура аныктап, адекваттуу жооп беришибиз керектигин жакшы түшүнөбүз.
Жаңы Кыргызстан - өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш!