Кыргызстандагы формалдуу эмес экономиканын абалы кандай? Изилдөө
Келишими жок жумуш, айлык акыны конвертте алуу, социалдык коргоонун жоктугу, коопсуздук техника эрежелерин бузуу, регламенттелбеген жумуш убактысы, эмгектин оор шарттары - мунун баары формалдуу эмес экономикага тиешелүү.
Бул дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тигил же бул деңгээлде болуп жаткан көрүнүш жана бул көрүнүштөн Кыргызстан да четте калган эмес. КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2019-жылы формалдуу эмес экономиканын деңгээли ИДПга карата 23,5%ды же 145 млрд сомду түзгөн. Башка маалыматтар боюнча бул деңгээл ИДПга карата 50%га чейин жетиши мүмкүн, ал эми COVID-19 пандемиясы кырдаалды андан дагы начарлатып жибериши мүмкүн.
Ошол эле учурда, 2015-жылга салыштырмалуу формалдуу эмес экономиканын деңгээли бир аз төмөндөгөн жана жалпысынан бул көрсөткүч боюнча Кыргыз Республикасы "лидер" мамлекеттердин катарына кирбейт, ошого карабастан, көйгөй экономика үчүн эң маанилүү маселелердин бири болуп саналат, анткени ал өлкөнүн өнүгүшүнө жана бизнестин иштешине түздөн-түз байланыштуу.
2015-жылы ЭЭУга мүчө өлкөлөр формалдуу эмес экономиканын деңгээлине жана анын мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирине тынчсызданып, "Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү жөнүндө" 204-сунушту кабыл алышкан.
Формалдуу эмес экономика
"Кара" эмгек акысы же салыктарды төлөбөо маселеси гана эмес, бул татаал көрүнүш жана ал Эл аралык эмгек уюму аныктагандай, "кызматкерлердин бүтүндөй экономикалык иш-аракетине жана экономикалык бирдиктерге тиешелүү, алар мыйзамдар боюнча же иш жүзүндө формалдуу мамилелер менен таптакыр камтылбайт же толук камтылбайт".
Бул документ ратификациялоону караштырбайт, бирок ал мамлекеттердин стратегиялык ишмердүүлүгүнө, мыйзамдарды өзгөртүүгө жана сактоого байланыштуу формалдуу экономикага өтүү боюнча бир катар маанилүү сунуштарды камтыйт, бул бизнести жагымдуу өнүктүрүү, жарандардын эмгек чөйрөсүндөгү укуктарын коргоо, кызмат көрсөтүүлөргө жетүү, татыктуу эмгек шарттарын түзүү жана колдоо үчүн шарттарды камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Сунуш мыйзамсыз иш-аракеттерди, тактап айтканда, мыйзам тарабынан тыюу салынган кызмат көрсөтүүлөрдү же товарларды өндүрүүнү, сатууну, ээлик кылууну же колдонууну, анын ичинде баңги заттарды өндүрүүнү жана мыйзамсыз жүгүртүүнү, куралды мыйзамсыз даярдоону жана сатууну, адамдарды сатууну жана акчалардын изин жашырууну камтыбайт.
ЭЭУ ошондой эле формалдаштыруу бир катар Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүнүн зарыл шарты болуп саналат, анткени бул жакырчылыкты жана теңсиздикти кыскартуу, улуттук өнүгүү стратегияларын ишке ашыруу жолу жана бир нече ТӨМдөрдү ишке ашырууну колдоонун, анын ичинде балдар эмгегин жана мажбурлаган эмгекти жоюунун " куралдарынын" бири деп эсептейт.
Иш жүзүнө келгенде Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн бүткүл жаңы тарыхында экономиканы формалдаштыруу аракетин жасап келген: ал салык мыйзамдарын өзгөртүүдөн, текшерүүлөрдү жана жөнгө салууну кыскартуудан, кирешелердин изин жашыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды катаалдаштыруудан жана капиталдарга мунапыс жарыялоодон турат.
Буга карабастан, эксперттер көмүскө экономика кыскартылбастан, тескерисинче анын таасири күчөгөнүн белгилешүүдө.
Ошол эле учурда, берилген маалыматтарда айыл чарбасындагы иштердин абалы эске алынбайт, мында формалдуу эмес иш-аракеттин деңгээли өтө жогору болушу мүмкүн, бирок бул боюнча маалымат жок.
Эксперттер айыл жергесинде формалдуу эмес экономиканын жайылышына ишкерлердин укуктук сабаттуулугунун төмөндүгү жана маалымдуулуктун жетишсиздиги; региондордогу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн начар инфратүзүмү, ошондой эле калктын кирешелеринин төмөндүгү түрткү болот деп эсептешет.
ЖИА Бизнес-ассоциациясынын чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө таасир этүүчү институционалдык шарттарды изилдөөдө келтирилген ЭЭУнун маалыматтарына ылайык 2018-жылы Кыргызстанда формалдуу эмес иш менен камсыз болуу деңгээли формалдуу эмес экономиканын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналып, 52,5%ды түзгөн.
Мындай жумуштуулукка эркектердин 54,2%ы, аялдардын 49,7%ы тартылган. Башкача айтканда, бул адамдардын басымдуу көпчүлүгү эмгек келишимин түзбөстөн, социалдык жактан коргоонун төмөн деңгээлинде иштеген.
Андан тышкары, ЭЭУнун маалыматтары боюнча Кыргызстанда 25 жашка чейинки жаштар формалдуу эмес эмгек мамилелерине көбүрөөк тартылышат.
Быйылкы жылы ЖИА ЭЭУнун колдоосу менен өлкөдө 1000ден ашык бизнес өкүлдөрүн бириктирген экономиканы формалдаштыруу боюнча долбоорду баштады. Долбоор башталганга чейин Ассоциация формалдуулукка таасир этүүчү факторлорду аныктоо үчүн үч изилдөө жүргүзгөн.
Сурамжыланган ишкерлер алардын ичинен негизгилерге төмөнкүлөрдү кошкон:
• Ишканаларды эсепке алуунун жана салык отчеттуулугунун зарылдыгын.
• Сот системасынын жетилбегендигин. Коррупцияны жана соттордун көз карандылыгын.
• Контролдоо-көзөмөлдөө системасын: мыйзамсыз текшерүүлөрдү, бийликти кыянаттык менен пайдаланууну жана коррупциялык көрүнүштөрдү; көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын аз өлчөмүн; ишкерлердин өз укуктары жана мыйзамдын талаптары жөнүндө маалымдуулугунун төмөн деңгээлин.
• Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын төмөндүгүн жана коррупцияны.
• Бюджеттик каражаттарды сарптоодо ачык-айкындуулуктун жоктугун, салык төлөөчүлөрдүн чегерилүүчү каражаттарды сарптоо жөнүндө маалымдуулугунун төмөндүгүн.
• Насыя каражаттарынын тартыштыгын.
• Формалдуу эмес фирмалардын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун эсебинен социалдык төгүмдөрдүн жана салыктардын кем чыгууларын.
Мындан тышкары, ЖИА 65 ишкердин арасында сурамжылоо жүргүзгөн, анын жүрүшүндө сурамжыланган кызматкерлердин үчтөн бири эмгек келишимин түзбөстөн иштешсе, дээрлик үчтөн биринде – мындай кызматкерлердин жарымынан азы иштешери аныкталган, дагы төрттөн бир бөлүгү эмгек келишими бардыгы менен түзүлгөндүгү тууралуу билдирген.
Респонденттердин жарымынан көбү эмгек келишимин түзүү зарылчылыгы жок экенин, үчтөн биринен көбү киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөө үчүн бул иштерди жасабаганын, 10%дан ашыгы билими жок жана эмгек келишимин түзүү боюнча жөндөмдөргө ээ эмес экенин айтышты.
Ошол эле учурда дээрлик бардыгы жогоруда аталган салыктардын жана төгүмдөрдүн ставкасы төмөндөтүлсө, кызматкерлер менен формалдуу мамиле түзүүгө даяр экенин билдиришти.
Бизнес ассоциациялар төмөнкүлөр аркылуу укуктук аң-сезимди жогорулатуу жана ишкерлердин укуктук нигилизмин төмөндөтүү менен маселени чечүү мүмкүн деп эсептешет:
• окутуу;
• эмгек мамилелерин формалдаштыруунун артыкчылыктарын түшүндүрүү;
• мыйзамдарды өзгөртүү;
• ЭЭУнун 204-сунушунун максаттарына ылайык салык ставкаларын кайра карап чыгуу.
Өз кезегинде, Эл аралык эмгек уюму да формалдуу экономикага өтүү максаттарына жетүү үчүн өлкөлөр, атап айтканда, Кыргызстан стратегиялык максатты кайра карап чыгып, формалдуу эмес экономиканын масштабтарын кыскартууга эмес, формалдуу эмес экономиканы формалдаштырууга, андан кийин конкреттүү, өлчөнүүчү, жетүүгө мүмкүн болгон, реалдуу жана формалдаштыруу боюнча аныкталуу мөөнөттөгү максаттарды коюуга умтулуусу зарыл деп эсептейт.