Жаңы парламенттин курамы. Алдын ала маалыматтар
2145
Бүгүн саат 20:00до Кыргызстанда парламенттик шайлоо аяктады. Шайлоочулар эки бюллетень боюнча добуштарын беришти. Биринчи бюллетень - бир мандаттуу округ боюнча. Эске салсак, өлкө 36 округга бөлүнгөн. Ар бир округдан бирден эле талапкер өтөт. Экинчи бюллетень - партия тизмеси боюнча. Добуш берген жаран партияны, андан тышкары партиядагы конкреттүү бир талапкерге добушун берет.
Алдын ала берилген маалымат боюнча (саат 21:20га) парламентке алты партия өттү. Алардын катарында "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру".
Алдын ала маалымат боюнча Жогорку Кеңештеги мандаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:
- 36 мандат - бир мандаттуу округдан шайланган депутаттар;
- 15-мандат - "Ата-Журт Кыргызстан";
- 12 мандат - "Ишеним";
- 9 мандат - "Ынтымак";
- 7 мандат - "Альянс";
- 6 мандат - "Бүтүн Кыргызстан";
- 5 мандат - "Ыйман Нуру"
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/4536