Күзгү каникул 8-ноябрда башталат
3193
Бул жума биринчи чейректин акыркысы. Андан ары эс алуу башталат.
Республика боюнча окуучулардын күзгү каникулу 8-ноябрда башталат. Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматка ылайык, эс алуу 14-ноябрга чейин созулат.
Kaktus.kg быйылкы 2021-2022-окуу жылына карата каникулдар графигин эскертет:
- биринчи чейрек - 15 -сентябрдан 5 -ноябрга чейин. Каникул 8 -ноябрдан 14 -ноябрга чейин;
- экинчи чейрек - 15 -ноябрдан 30 -декабрга чейин. 31 -декабрдан 11 -январга чейин эс алуу;
- үчүнчү чейрек - 12 -январдан 18 -мартка чейин. 21 -марттан 30 -мартка чейин эс алуу;
- төртүнчү чейрек - 31 -марттан 8 -июнга чейин.
Акыркы коңгуроо 9 -июнда кагылат. Билими тууралуу аттестаттар жана күбөлүктөр 6-8-июлда тапшырылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/4087