Токмоктун жаңы мэри мугалимдерди куттуктады (видео)
Токмоктун мэри Урмат Самаевдин мугалимдерди куттуктап жаткан видеосу социалдык тармакта жайылып жатат.
Видеодо көрүнүп тургандай Самаев жазып алган текстин улам такалып, жай окуп жатат.
Урмат Самаев деген ким?
Белгилей кетсек, Урмат Самаев 35 жашта. 2012-жылы, 28 жашында юриспруденция багытында жогорку билимин алган. Токмоктун шаардык кеңешинин депутаты болгон, Чемпион деген каймана аты бар.
2016-жылы ызы-чуу салып Чолпон Эсенамованын мандатын алып "Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. Тартип сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияны токтотуу комитетине мүчө болуп кирген. Парламентте өтөмө аз сүйлөчү, анын депутат экенин кеңири коомчулук билчу да эмес. 2019-жылы криминалдык жаңылыктардан аты чыгып, Казкстандын чек арасында контрабандисттер атышып, ага Самаевдин да тиешеси бар деген имиштер жүргөн. Бирок бул иш жабылган.
2020-жылдын октябрь айында "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен парламентке өтүү аракетин көргөн. Башаламандыктар жүрүп жаткан кезде Самаев өлкөнүн жаңы жетекчилигин кызуу колдоп жүрөт деп айтылчу. Аида Касымалиева Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышына каршы чыккандарды Самаев коркутуп жатат деп бидирген.