Жер бөлүп берүү маселесин чечип берем деп жарандарды алдап жүргөн киши кармалды
RU

Жер бөлүп берүү маселесин чечип берем деп жарандарды алдап жүргөн киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жер тилкелерин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, жарандарды алдып жүргөн шектүү кармалды. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты.

Жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билип, андан өзүнө материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен жарандардын акча алып жүргөн Бишкек шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Ж.К. кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жаран Ж.К. Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, акча каражаттарын алгандыгы, жарандарга жалпы суммасы 21 500 АКШ долларлык чыгым келтирилгендиги аныкталды.

Аталган фактылар боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районун ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жаран Ж.К. Бишкек шаарынын ИИББсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Ж.К. башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Кармалган жаран Ж.К.дан жабыркаган жарандар болсо же ал боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билишсе, 0702-20-40-70, 0705-00-88-08 телефон номурларына кабарлашса болот.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарынан сак болууну суранат жана жер тилкелерин сатып алууда бардык документтерди дыкат текшерүү керектигин, ошондой эле текшерүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү убашкаруу органдарына кайрылууну эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/3589