Жеңишке бир кадам. Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси болду
Грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов бүгүн Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалында күрөштү.
Жарым финалда ал Армениядан келген балбан Карапет Чалян менен жолугуп, аны 6: 1 эсебинде жеңип, ошону менен Токиодогу Олимпиада оюндарынын медалын камсыздады. Финалда Махмудовдун атаандашы 2012-жылкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгечиси, 2019-жылдагы дүйнө чемпиону жана Европанын төрт жолку чемпиону венгриялык Тамаш Лёринц болгон.
Тилекке каршы, Махмудовго Олимпиада чемпиону болуу үчүн жетиштүү болгон жок. Биринчи мезгилде Махмудов 1 упайга ээ болгон. Бирок, кийинчерээк Лоринц 2 упайга ээ боло алды. Беттештин аягына чейин эсеп 1: 2 болду.
Белгилей кетсек, бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш медаль. 2008- жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында биринчи күмүштү балбан Канат Бегалиев алган.
Эске салсак, Акжол Махмудов 1999 -жылы Ош облусунун Араван районунда туулган. 2018 -жылы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси болгон.