Булак: Аскар Акаев бүгүн Бишкекке келет
Экс-президентке жакын булактар Kaktus.mediaга билдиргендей, бүгүн, 2-августта Аскар Акаев уулу Илим менен Бишкекке учуп келет.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев 2005 -жылы өлкөдөн качкандан бери Кыргызстанга келген эмес. Илим Акаев Бишкекке бир нече жолу келген, анын ичинде 2014 -жылы агасын (Аскар Акаевдин агасы) акыркы сапарга узатуу зыйнатына.
Эске салсак, Акаевдердин үй -бүлө мүчөлөрүнө жана анын тегерегине бир катар кылмыш иштери козголгон. Жубайы Майрам Акаева жетектеген "Мээрим" фондунун ишмердүүлүгү боюнча 30дан ашык кылмыш иши козголуп, мамлекетке 64 миллион сом зыян келтирилген.
8 -июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча издөөдө жүргөнүн жарыялаган. Анын айтымында, Аскар Акаев 1990- жана 2003 -жылдары Кумтөр боюнча инвесторлор менен келишим түзүүдө мыйзам бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
4 -ноябрь, 2020 -жыл