Бишкекте чегиртке фермасы иштеп жатат. Картошка фри жасагандай кууруп жесе болот экен
Пандемия көпчүлүктүн жашоосуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Алардын бири - Адыл Гапаров. 2020-жылдагы карантин учурунда ал стартаптарды изилдеп отуруп, чегиртке багууну чечкен. Бир жылдын ичинде жаңы ишкердин жеке чегирке фермасы бар, келечекке да перспективасы абдан жакшы. Kaktus.media'нын журналисттери фермага барып, куурулган чегирткелерди ооз тийди.
Пандемия учурунда башталган бизнес. Кыргызстандагы алгачкы чегиртке фермасы
"Бир жыл мурун пандемия жаңыдан гана башталып, бизнес-идеяларды изилдей баштадым. Чегиртке өндүрүү идеясы мага абдан жакты. Бүт дүйнөдө, өзгөчө Америка менен Европада бул бизнес абдан өнүгүп жатыптыр", - дейт Адыл Гапаров.
Франшизаны сураганыбызды 250 миң евро сурашты. Бизде мынча акча жок болчу. Ошондуктан өзүбүз эле баштай берүүнү чечтик. Өзүбүз тажрыйба топтоп, изилдеп жатабыз.
Адыл өнөктөш издеп баштаганында бул идеяга эч ким ишенген эмес. "Жинди менен сүйлөшүп жаткандай кабыл алып жатышты. Мындай бизнести эл түшүнбөйт. Ошого карабастан баштай берейин дедим. Бардык ишти акыры бирөө жарым биринчилерден болуп баштай эмеспи".
300 чегирткеден 1 500 000 чегиртке багып өстүрдүм
Башында Адыл үйдөгү жандыктарына атайын азык катары берген кишилерден 10 чегиртке сатып алган экен. Бирок биринчи партияны кырып алды. Андан кийин дагы отузду сатып алган.
"Интернеттен окуп, аларды кантип багыш керек, деп маалымат издедим. Эксперимент жасадым, изилдедим, сураштырдым, окудум. Анан бул оюма толук ынынгандан кийин 300 чегиртке сатып алдым. Ошону менен ферманы иши башталып кетти", - деп ишкер айтып берди.
Бүгүнкү күндө, фермада чегирткелердин эки түрүн өстүрүп жатышат - доместикус жана двупятнистый. Алардын жалпы саны 1 500 000ге жетти.
"Негизинен доместикусту өндүрүп жатабыз - бул күрөң түстөгү чегирткелер. Ал эми двупятнистый дегендери чектелүү өлчөмдө. Биз аларды экспертимент жасап көрүу үчүн алдык. Курамында протеиндин камтылышы бирдей, бирок кара түстөгү чегирткелерди кургатуу татаалыраак экен. Биз суроо-талапка карайбыз. Ошого жараша өндүрөбүз", - дейт Гапаров.
Чегиртке багуу мал багууга караганда арзан
Адыл Гапаровдун айтымында, алар тез көбөйөт.
"Жумурткалагандай кийин 8-10 күн өтүп, 35-40 күндо толугу менен жетилет. Теориялык жактан 40 күндо бир түшүм жыйнаса болот. Бул мал багууга караганда кыйла тез болуп жатпайбы", - деп Адыл бөлүштү.
Бирок багуунун өзгөчөлүктөрү бар
"Бир ящикте өстүрүп жатсан бир жөн, ал эми улам көбөйгөн сайын температуранын, нымдуулуктун, кам көрүүнү режимин сактоо зарыл. Процесс учурунда түшүнгөн нюанстар көп болду. Азыр бир менен коңшу өлкөдөн байланышып, франшиза сурап жатышат, биз да чегиртке өндүрөбүз, дейт. Бирок биз өзүбүздүн өндүрүү методикабызды азырынча сата албайбыз. Анткени тажрыйбабыз аз, көбүн өзүбүз деле билбейбиз", - деп Адыл белгиледи.
Коопсуз. Пайдалуу. Адал.
Чегирткелерден спортчуларга ылайыктап атайын ун, кондитердик таттууларды жасашат. Сыра ичкендерге снек куурушат.
"Чегитркеден жасалган ун абдан пайдалуу жана түрдүу витаминдерге бай. Аны спортчулар жана арыктагысы келгендер же булчуңдуу болууну каалагандар сатып алышат", - дейт Адыл.
Чет өлкөдө чегирткенин уну өтө кымбат экен. Биз эки эсе арзан сатып жатабыз - 1 килограмын $80. Чегирткенин өзүн 1 даанасын 5 сомдон.
Фермердин айтымында, айрымдар чегирткелерди азык катары колдонууга дин уруксат береби, деп сурашты.
"Биз атайын сураштырып билдик. Чегирткелер адал азык болуп саналат. Анткени ал таза, уруксат берилген чөп, жер жемиштер менен азыктанат", - деп баса белгиледи.
Чегирткелер фермадан учуп кетсе экологияга зыянын тийгизбейби, деген суроолор да жаралды.
"Бул биздин талаада жашаган чегирткелер эмес. Биздегилер жылуулукту сүйүшөт. Алар үчун 30 градус эң оптималдуу температура. Учуп кетсе дагы, бир түндо эле кырылып калат. Андай болсо деле, биздин чегирткелер чакпайт, жана адамга оору жугузбайт. Ошондуктан коом үчүп коопсуз", - деди Адыл.
Бизнес баштоо үчүн Адыл атайын жер сатып алып, чегиртке багууга ылайыктап чакан кампа курган. Эксперимент жасаганга фритюрница сатып алган. Ага чегирткелерди кууруп, туздап, мурчат кошот. Журналисттер ооз тийип көрүштү. Даамы куурулган семичке, чипсы же жаңгакка окшошуп кетет.