Казакстандан келген кыз жайлоодо жоголуп кеткен. Аны төрт күндөн бери издешүүдө
Жоголгон Казакстандын жаранын издөөгө Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын кошумча күчтөрү тартылды.
Бүгүн, 19-июлда, Ала-Көл жайлоосунун аймагында жоголгон 29 жаштагы Казакстандын жараны К.В.ны издөө учурунда, Ысык-Көл облусунун ИИБнын жана Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн 100дөн ашуун кызматкерлери , ошондой эле ӨКМдин аймактык башкармалыктарынын куткаруучулары тартылган.
Издөө иштери үч багытта жүргүзүлдү: тоо дарыясынын жээгинде, токой тилкесинде жана тоолуу аймакта. 20 чакырымдан ашык аянттына тинтүү жүргүзүлдү.
15-июль күнү саат 20:30да Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Москва районунун аймагында жашаган Россия Федерациясынын жараны, 51 жаштагы К.А.нын билдирүүсү келип түшкөн.
Эркектин айтымында, анын кызы К.В., Ала-Көл жайлоосунда эс алып жүргөндө дайынсыз жоголгон. К.В. - 1992-жылы туулган, Казакстандын жараны.
Окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу жөнөп кетишти. Окуя тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык кызматына өткөрүлүп берилди.
"Бирок, ошол күнү куткаруучулар окуя болгон жерге барышкан жок", - деп билдиришти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан.
Эмне болду?
Окуя болгон жерге келген тергөө-ыкчам тобу күбөлөрдү сурамжылап, төмөнкүлөрдү аныктады.
14-июлда Ала-Көл жайлоосуна Россиянын жараны К.А., үй-бүлөсү - 1969-жылы туулган аялы К.Г., 1992-жылы туулган кыздары К.А., 1996-жылы туулган К.Л. жана 2016-жылы туулган уулу К.М. Ал жерге чатыр тигип, эс алышкан экен.
15-июлда саат 18:00 чамасында К.В атасынан сүрөткө түшүш үчүн уюлдук телефонун сураган. Андан кийин ата-эне отунга кетип, ал чоң тоо дарыясынын аркы өйүзүнө орнотулган жыгачтан жасалган солкулдаган көпүрөнүн жанында калган. Ата-энеси кайтып келгенде, кызы эч жерден табылган эмес.
Ата-энесинин айтымында, кыз сары күрмө, кара спорттук шым жана кара ботинка кийип жүргөн.
Издөө иштери башталды
Бул күнү, 15-июлда, ӨКМдин куткаруучуларынын келишин күтпөстөн, тергөө-ыкчам тобунун беш кызматкери ата-энелери менен биргеликте жоголгон кызды издей башташты. Аларга жардам берүү үчүн райондук милициянын он кызматкери жөнөтүлдү.
Бул факт Ак-Суу РИИБнин ERPP катталды, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Эртеси, 16-июлда, тергөөчү жана жоголгон кыздын атасы облус борборуна келип, окуя тууралуу дагы бир жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгына билдиришти. Андан кийин гана саат 08:30 чамасында куткаруучулар окуя болгон жерге барышкан.
Ак-Суу районунун ИИМ кызматкерлери жана ӨКМдин куткаруучулары жоголгон кызды издөөнү улантышууда.