Курман айттын так күнү белгиленди
6627
Кыргызстанда Курман айт 20-июлда белгиленет. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Мусулмандардын Дин Башкармалыгынан билдиришти.
Алардын айтымында, бүгүн, 11-июль, Ислам календары боюнча Зул Хиджа айынын биринчи күнү.
"Ушуга ылайык, 19-июлда арапа, ал эми 20-күнү Курман айт майрамдалат" деп билдирди муфтият.
Курман айт орозо бүткөндөн кийин 70-күнү белгиленип, ажылык ибадаты - Меккеге зыярат кылуу менен аяктайт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/2530