Европа футбол чемпионатынын жарым финалчылары аныкталды
Европа футбол чемпионатынын жарым финалынын катышуучулары белгилүү болду. Ишемби күнү чейрек финалдын акыркы беттештери өттү.
Чейрек финалда италиялыктар Мюнхенде бельгиялыктарды жеңишти (2: 1), Испания курама командасы Санкт-Петербургда Швейцариянын командасын жеңди (1: 1, 3: 1 - пенальтиде), даниялыктар Бакуда Чехтерди (2: 1) эсебинде жеңип алды, ал эми англиялык футболчулар Римде Украинанын командасын жеңип алышты (4: 0).
Жарым финалда Италия - Испания (6-июль) жана Англия - Дания (7-июль) беттештери болот. Эки жолугушуу тең Лондондо Уэмбли стадионунда өтөт. Финал ушул эле аренада 11-июлда болот.
Учурдагы Европанын чемпиону Португалия курама командасы, ал 2016-жылы финалда кошумча убакытта мелдештин кожоюндары француздарды жеңип алган (1: 0).
Европа чемпионаты 11-июлда аяктайт, мелдештин оюндарын Санкт-Петербург, Амстердам, Баку, Будапешт, Бухарест, Глазго, Копенгаген, Мюнхен, Рим жана Севилья шаарлары кабыл алышкан.