Оор атлетика федерациясынын президенти алмашты
350
Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын жетекчилигинен Ахматбек Келдибеков кетип, ордуна Калыкбек Султановдун уулу Темирлан келди. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына спортчулар билдиришти.
Айтымдарында, бүгүн, 16-октябрда Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын президенттигинен Ахматбек Келдибеков алынып, анын ордуна Темирлан Султанов дайындалды.
Белгилей кетсек, Темирлан Султанов "Авангард стиль" курулуш компаниясынын ээсинин уулу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/17707