Апта аягында аба ырайы өзгөрүп, күн сууйт
Кыргызгидромет кызматы 11-октябрда күндүн экинчи жарымында Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүн кабарлайт.
12-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
13-октябрда айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Абанын температурасынын төмөндөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
14-16-октябрларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондорго кар түшү, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Ал эми 16-октябрда абанын температурасы төмөндөйт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 7…12°
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 11…16°, тоо этектеринде түнкүсүн 0…5°, күндүз 3…8°
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 1…6°
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 6…11°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3°…+2°, күндүз 2…7°
- бийик тоолордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2°…+3° чейин төмөндөйт
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.