Баткендин 25 жылдыгына карата облуста 25 объект ачылат
217
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата облус аймагында, 25 объекттин ачылуусу күтүлүүдө. Бул туурасында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдады.
14-октябрда ачыла турган жайлар:
- Баткен Электр тармактар ишканасынын административдик имараты
- Баткен шаарындагы 7 кызматтык турак үйлөр
- Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал
- Баткен шаарынын "Жеңиш" эс алуу багындагы рестпоинт
- Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы спорт зал
- Баткен районунун Мадыген аймагындагы бийиктиктен кароо аянтчасы
- Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик имараты
- Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы спорт зал
- Кадамжай районундагы агрохимия лабораториясы
- Кадамжай шаарындагы логистикалык борбор
- Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы "Жаш Талимтай" балдар бакчасы
- Кадамжай шаарындагы 8 кызматтык турак үйлөр
- Кадамжай шаарынын аймагындагы "Улыбка" балдар бакчасы
- Кадамжай районунун Ормош айылындагы логистикалык борбор
- Лейлек районунун Бешкент айылындагы "Лайлы" негизги мектеби
- Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы NOVA мектеби
- Раззаков шаарындагы 5 кызматтык турак үйлөр
- Лейлек районунун "Саркент" жаратылыш паркындагы үйлөрү
- Лейлек районунун Максат айылынын административдик имараты
- Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы маданий борбор жана тигүү цехи
- Сүлүктү шаардык электр тармактар ишканасынын административдик имараты
- Сүлүктү шаарындагы аялдардын сырткы кийимин тигүүчү цех
- Сүлүктү шаарындагы килем токуучу цех
- Сүлүктү шаарында брекет чыгаруучу ишкана
- Кызыл-Кыя шаарындагы 6 кызматтык турак үйлөр
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/17611