Бишкек жана Чүйдөгү көмүр базаларынын даректери
1847
15-сентябрдан тарта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда казылып жаткан көмүрдүн сатуу баасын бекитиши керек. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Кайрат Маматов билдирди.
Анын айтымында, Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 5300-5400 сомдун тегерегинде болот. "Өткөн жылы көмүрдүн баасы 4 миң 200 сомдон 6 миң сомго чейин өзгөргөн. Буга логистика, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы таасир этет. Көмүр казуунун баасы жыл сайын өсүүдө", - деп белгиледи ал.
Бишкектеги көмүр базаларынын даректери
- Айланма жол менен Алма Ата көчөсүнүн кесилиши
- Анкара көчөсү, 97К/ Достоевский көчөсү
- Алыкулов көчөсү, 6Б
- Кара-Жыгач жаңы конушу, Оберон жана Сары-Өзөн көчөлөрүнүн кесилиши
- Төмөнкү Ала-Арча айылы, Айланма жол менен Киргизия көчөсү
- Киргизия көчөсү, 902 контуру
- Келечек конушу, 14, 15/1 участкасы (Ак Жар)
- Мурманская, 1б
- Төмөнкү Ала-Арча айылы, Курманалиев көчөсү
- Ленин а/а, Айланма жолдогу 964-965 контур
Чүй облусундагы көмүр базаларынын даректери
- Сокулук, Ленин көчөсү 126
- Манас
- Полтавка, Центральная көчөсү, 44
- Токмок, Жантаев көчөсү, б/н
- Кемин, Советская көчөсү 160В
- Токмок, Жантаев көчөсү, 81/2А
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/17338