Маркум кримавторитет Көлбаевге таандык куралдар алынды
RU

Маркум кримавторитет Көлбаевге таандык куралдар алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кримавторитет Камчы Көлбаевге (Асанбек) таандык ок атуучу куралдар табылды. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

"Камчы Көлбаев тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 11-июлда "мыйзамдагы ууруга" тиешелүү делген жайлардын биринде аскердик патрондору бар жеке ок атуучу куралдар табылган. Алынган тапанчалар уюшкан кылмыштуу топтун лидерине таандык болгон", - деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан К.Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/16670