Асман шаары кандай курулуп жатат? Анын аймагындагы жерлер эмне болот? Репортаж
Кыргыз бийлигинин эң дымактуу делген долбоорлорунун бири болгон - Асман шаарына 2023-жылы 30-июнда капсула салынган. Президент Садыр Жапаров бийлик өкүлдөрү жана чет элдик инвесторлор менен бир жыл мурун старт берген Асман шаарын куруу иштери азырынча башатала элек. Чоң-чоң убадалар менен башталган долбоор тууралуу жеринен билиш үчүн Kaktus.kg редакциясы көл өрөөнүнө барып, шаардын курулушу менен таанышып кайтты.
Асман шаарынын курулушу менен таанышканы барганыбызда ал жерде эч ким жок болуп чыкты. Бирок куруучулар үчүн салынган имараттын ичин көрдүк. Кайтарып жаткан милиция жакынкы күндөрү куруучулардын келиши күтүлүп жатканын айтты.
Анын ичи деле толук бүтө элек экен. Бирок курулушчуларга төшөнчүлөрдү даярдап коюшуптур. Болгону ошо.
Асман шаарынын курулушу алдын ала эсептөөлөр боюнча, 20 миллиард долларды түзөт. Аны чет элдик инвесторлор кура турганы айтылган. Садыр Жапаров Кыргызстан бир сом да коротпой турганын белгилеген. Шаардын аянты 4 миң 15 гектарды түзүп, анда 500дөн 700 миңге чейин адам жашай алат. Асман шаарын Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Чырпыкты айылынын ортосуна куруу пландалган.
Асман шаарына тиешелүү жерлер эмне болот?
Андар ары Асман шаары үчүн алына турчу жерлердин ээлери менен сүйлөшкөнгө аракет кылдык. Алардын бири Чырпыкты айылынын тургуну - Бактыбек Уралиев. Уралиевдин 5 гектар жери Асман шаарына кеткени жатат. Ал бул жерди 2007-жылы алган. 10 жылдан кийин ал жерди өздөштүрүп, кызыл китебин алып, өрүк тиккен. Ал таштуу жерди тазалап, суу чыгарганга эле көп каражат, убакыт, эмгек кеткенин айтып берди.
"2017-жылы 10 жылдын ичинде бул жакты өздөштүрүп, кызыл китеп алдым. Ошол кызыл китеп кылгандан бери сугарып, бак тигип, көп эмгектендик. Тамчылатып сугаруу системасын колдондук. Бул жакта суу маселеси бар. Сууну скважинадан алып келебиз. Бочкадан алып келип ушул жакка таратабыз. Асты, үстү болуп эки бөлүктөн турат. Ошондой кылып сугарабыз. Өнбөй калган бактардын ордуна жылда 20-30дан кайра жаңы көчөт тигебиз. Ошентип эле жүрөбүз. Ушул жакта таштар бар болчу. Ошонун баарын тердик. Жылына 15-20 КамАЗ таш чыгарып жаттык", - деди ал.
"Эми гана түшүм берейин деп жаткан"
Бактыбек Уралиев отургузган көчөттөрү быйыл гүлдөп, эми гана түшүм берейин деп жатканын айтты. Ал бул жер таштак экенин кошумчалап, түшүм алуу үчүн чоң эмгек, көп убакыт кеткенин баса белгиледи.
"Чүйдөгүдөй болуп казып туруп тигип койсоң жакшы да. А бул жакта бир көчөттү тигиш үчүн эки, үч араба таш чыгарасың. Анын орду бош болуп калат. Анан ордуна кайра таш салмак белең? Башка жактан топурак алып келебиз. Кээ бир адамдар Түптөн, Чүйдөн алып келип жатат. Ушинтип өстүрүп, эми түшүм алабыз деп жатканда ушундай болуп жатат", - дейт жергиликтүү жашоочу.
Кенемте же башка жер
Бактыбек Уралиев жакында эле президенттин иш башкармалыгынан жана Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциядан кишилер келип, жыйын өткөргөнүн айтып берди. Алар атайын комиссия түзүп, эсептөөлөр башталарын айтышкан. Жыйындын катышуучулары ал комиссияга жергиликтүү жарандарды да кошууну талап кылып, эми атайын топ ар бир Асман шаарына кете турчу жерди, ага кеткен чыгымды эсептешмей болушкан.
"Жыйын болуп өттү. Анда компенсация беребиз же башка жерден так ошондой жер беребиз деп жатат. А биз ага макул болбой жатабыз. Бул жакка биз 10 жылдай эмгегибизди кетирдик. Анан кайра 15 жылдай убакыт коротобузбу? Андан көрө кенемтени эле алалы деп жатабыз. Эми ар бир түптү санайбыз. Кеткен чыгымдарды болжолдуу санайбыз да. Анан көз карандысыз эксперттер келет деп жатат", - деп айтып берди ал.
Жергиликтүү жашоочу бул жерди балдарынын келечеги үчүн жасап, ошол үчүн эмгектенип жатканын айтты. Ал жыйын өткөргөнү келген кишилер кенемте же болболсо так ошондой жерди башка жерден берүү сунушун да айтышканын белгиледи. Бирок ал башка жерди алууга макул эмес. Себеби, бул жер үчүн эле ал 10 жылдан ашык убактысын короткон. - "Эми башка жерди алып түшүм алыш үчүн дагы 10 жыл иштегенге күч жок дейт", ал.
"Өкмөт деле бизди минуска кетирбесе керек. Эмгегибизди чыгарып берет го деп ойлоп жатабыз. Муну азыр көчүрө албайбыз. Муну алып барып туруп эле көчүрсөк - өлөт. Бир жылдык көчөт болсо анда көчүрсөк болот эле. А муну алганда эле өлөт. 90 пайызы өлөт. Кээ бирлери чыкса чыгат, чыкпаса жок. Анан кайра убара болуп тигиш кыйын да.
Ошондой эми. "Ээси келсе бээсин бер" дейт. Өкмөт ушундай чоң, экологиялык таза шаар курабыз деп жатса, элдин баары макул болуп жатса биз каршы эмеспиз. Макулбуз. Жакшы курулуш болсо бизге деле, балдардын деле келечегине жакшы да. Эми муну деле балдардын келечеги үчүн деп салганбыз. Бирок шаар куруп жаткандан кийин - ал деле балдарыбыздын келечеги да. Мисалы, 4000 гектар жердин 1200 гектарында эле курулуш иштери жүрөт экен. Калган жердин баары жашылдандырылат экен. Муну калтырып койсо жакшы болмок, бирок калтырбайт го", - деген жергиликтүү жашоочу 5 гектар жерине сарптаган акчалары кайтат деген үмүттө комиссиянын келишин күтүп жатат.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 25-майында президент Садыр Жапаров Асмандын курулушу болжолдуу 10 күндөн кийин башталарын айткан болчу. Ал Балыкчы шаарынын тургундары менен жолуккан учурда капсула салынгандан кийин чет элдик өнөктөштөр жашыл шаар салууга сунуш беришкенин билдирген.
Шаарда жалаң электромобилдер менен жүрүүгө болору, акылдуу шаар, акылдуу үй, бала бакчалар, мектептер менен университеттер жана заманбап ооруканалар салынат деп пландалууда. Мындан сырткары ден соолукту чыңдоо комплекстери, бизнес жана соода борборлору, мейманканалар, муз тебүү сарайы, стадион, концерттик зал, резиденция, банктар түшөт. Мындай маалымат кыргыз бийлигинин планы боюнча жакынкы 7-10 жылда курула турчу Асман шаары тууралуу айтылган.
Долбоор боюнча шаар - акылдуу шаар, соода-сатык, спорт жана көңүл ачуу багытында төрт бөлүккө бөлүнөт. Эл аралык дэңгээлдеги көп тилкелүү аба майданы курулат. Жети жылдыздуу мейманканалар жана көңүл ачуучу казинолор болот.
Жерлери шаардын аймагына өтө турчу адамдардын саны, аларга качан кенемте төлөнөрү боюнча азырынча расмий, так маалымат жок. Редакция Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Руслан Акматалиевге байланышканда ал ооруканада экенин айтып, кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Негизи шаардын аймагы 4015 гектар экени ачык маалымат булактарында жазылып жүрөт. Анын 3300 гектары трансформацияланган, калган жердин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган.