Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек
Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин түшүндүрүү жана аларды шылуундардан коргоо. Эсиңизде болсун, акчага карата туура мамиле канчалык эрте калыптанса, баланын келечекте материалдык жыргалчылыкка ээ болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.
Улуттук банктын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн башкы адиси Жамила Токтомамбетова Kaktus.media"га өспүрүмдөргө каржылык сабаттуулукту үйрөтүү эмне үчүн маанилүү экенин жана кайсы темаларга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтып берди.
Каржылык сабаттуулук деген эмне?
Каржылык сабаттуулук – бул ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөөгө жана топтоп жүргөн акчаны көбөйтүүгө жардам берген көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн жыйындысы. Кеп дүйнөдөгү бар болгон акчаны кантип табуу же карыз албастан айлыктан айлыкка чейин кантип жашаса болору жөнүндө эмес.
Каржылык сабаттуулук - бул акчанын иштешин, аны кантип башкарууну жана кайда инвестициялоону түшүнүү.
Кеп, акчаңды эмнеге жумшап жатканыңды, аны кантип үнөмдөөнү жана аны пайдалуу каржылдык инструменттерге инвестициялоону билгениңде. Ошол эле учурда, керектүү жана керексиз кредиттерди аныктоону биле аласың жана банк кызматкерин акчаңа жетүүгө аракет кылган шылуундан айырмалай аласың.
Бир гана көйгөй бар. Карыжык сабаттуулук - тубаса сапат эмес. Бул ата-энелер өздөштүрүп жана балдарына сөзсүз үйрөтүшү керек болгон көндүм. Бул ийгиликтүү келечекке эң жакшы инвестиция болот.
Өспүрүмгө каржылык сабаттуулуктун эмне кереги бар?
Өспүрүм үчүн каржылык сабаттуулук – бул кандайдыр бир абстракттуу дисциплина эмес, өтө зарыл болгон практикалык көндүм. Бул балага болгон каражаттарын акылдуулук менен бөлүштүрүүгө жардам берет, анын жыйынтыгында бала чыгашаларды толугу менен жабууга, ошондой эле кошумча кирешелерди алууга үйрөнөт.
Жеке акчаны башкаруу - бул адамга келечекте каржы менен мамилени туура түзүүгө жардам бере турган маанилүү турмуштук көндүмдөрдүн бири. Коммуналдык кызматтарды жана салыктарды кантип төлөш керек, убагында төлөбөсө кандай айыптар болушу мүмкүн, эмне үчүн кээ бирөөлөр үнөмдөөгө жетишет, ал эми кээ бирөөлөрү айлыктарын айдын аягына чейин жеткире албайт. Мунун баары эң жөнөкөй нерселер болгону менен, аларды билүү келечекте баланын жашоосун бир топ жеңилдетет.
Балдар үчүн төмөнкүлөрдү билүү маанилүү:
- акча иштейт;
- акчаны тапса болот;
- сактоо жана көбөйтүү;
- туура каржылык чечимдерди кабыл алуу.
Акча жөнүндө туура сүйлөшүү тууралуу
Өспүрүмдөр менен акча тууралуу сүйлөшүү үчүн толтура темалар бар. Бул ата-энелер үчүн маанилүү экенин эстен чыгарбоо керек: азыркы балдар курагына караганда тезирээк өнүгөт. Алар банк карталары, базарлар, депозиттер жана инвестициялар сыяктуу түшүнүктөрдү көп угат.
Өспүрүм балаңыз менен дүкөндөгү буюмдар үчүн акча төлөш керек экенин жаңы эле билген адамдай эмес, чоң кишидей сүйлөшүңүз,
Азыркы өспүрүмдөр абдан бат үйрөнүп, алган билимдерин иш жүзүндө колдоно алышат. Аларды хоббиден пайда табуу, кошумча каражат табуу маселелери кызыктырат. Бул жерде бир чоң "бирок" бар. Алар дайыма эле коркунучту сезе беришпейт.
Акча жана каржылык сабаттуулук темасындагы баарлашуулар тажатма лекция болбошу керек. Бул эч кандай пайда алып келбейт. Өспүрүм куракта баары эле каржы маселелерине кызыкпай турганын эске алуу керек.
Өспүрүмдү бул темага кызыктыруу үчүн, ал түшүнө турган нерселер жөнүндө сүйлөшүңүз. Анын оюна ишенериңизди көрсөтүңүз. Балаңызга кандай каржылык билими жетишпей жатканын жана ал үчүн кайсы темалар эң кызыктуу болорун түшүнүү үчүн өзүңүз суроолорду бериңиз. Белгилүү бир тема балага өзгөчө таасир этпесе да, ал сиздин сөздөрүңүзгө көңүл бура турган ыкманы таба аласыз.
Жоопту билбесеңиз, аны моюнга алуудан уялбаңыз. Ошондой эле сиздин дагы акча менен болгон мамилеңиз дайыма эле туура боло бербейт. Жоопторду табууга же жаңы каржылык адаттарды чогуу түзүүгө аракет кылыңыз.
Өспүрүм маалыматты так түшүнүшү үчүн бардыгын иш жүзүндө көрсөтүү ашыкча болбойт. Мисалы, балаңызды дүкөнгө азык-түлүк тизмеси жана накталай акча же карта менен жөнөтүңүз. Муну жасоодон мурун супермаркеттин текчесиндеги жана кассадагы товардын баасын жана кайтарым акчаны текшерүү эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрүңүз.
Азык-түлүк сатып алуу кызыктуу жана пайдалуу квестке айланышы мүмкүн. Кантип? Бул вариантты сунуштаңыз: бала сатып алуудан үнөмдөгөн акчаны өзүнө калтырат. Ошол эле учурда сатып алынчу товардын сапаты начарлабашы керек деген шарт коюңуз. Ошентип, бала баа-сапат катышы боюнча мыкты вариантты издөөгө үйрөнөт.
Мындай карасаң баары жөнөкөй көрүнөт. Бирок мындай көнүгүү баланы жоопкерчиликке жана акчага кылдат мамиле кылууга үйрөтөт. Дал көндүм кээде чоңдорго да керек болот.
Өспүрүмгө каржылык сабаттуулукту үйрөтүү үчүн ал өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу болушу керек.
Өспүрүм өз каржысы үчүн жоопкерчиликти сезиши керек. Ооба, каталар жана ойлонбостон жасалган сатып алуулар болот. Бул окуу процессинин бир бөлүгү. Бирок бара-бара балаңыз кандай кылса болорун түшүнөт.
Чоң адамдын эмгегинен алда канча жупуну төлөнсө дагы, кандайдыр бир кошумча жумуштун маанилүүлүгү жөнүндө айтууга болот. Ар бир адам бир убакта бир нерседен баштаган. Өспүрүм курактагы кошумча жумуш – бул бара-бара тартипке көнүп, белгилүү бир көндүмдөрдү өркүндөтүп, кунт коюп, тырышчаак жана олуттуу болууга үйрөткөн мүмкүнчүлүк. Бул дагы кыялыңдагы нерсе үчүн акча топтоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Ал эми бул тема үй-бүлөлүк бюджеттин белгилүү бир бөлүгү башка адамдарга дагы сарпталган бир туугандары же эжелери бар өспүрүм үчүн өзгөчө актуалдуу болот.
Пландаштырууну жана бюджет түзүүнү үйрөтөбүз
Акчаңызды туура башкаруу үчүн эки маанилүү көндүмдөрдү - каржылык пландоо жана бюджетти башкаруу эрежелерин үйрөнүү керек. Кеп татаал жана түшүнүксүз эсептөөлөр жөнүндө эмес. Чынында, бул процесс үчүн жөнөкөй математика жетиштүү. Өспүрүмгө пландаштыруу жана бюджет түзүү жөндөмү каржылык максаттарына жетүүгө жардам берет.
Бир эле деңгээлдеги киреше менен көбүрөөк пайда алуу үчүн - каржылык план керек.
Балага каржылык пландоону үйрөтүүнүн эң жакшы жолу - ал ата-энесинин ага абдан кымбат бир нерсе сатып беришин каалоосу. Сизге пайдасыз болуп көрүнсө да, сатып алуудан баш тартпаңыз. Кыялы үчүн акча топтоону сунуштасаңыз жакшы болот. Бул каржылык пландаштыруунун биринчи кадамы болот.
Кыял менен каржылык максаттын айырмасын билесизби? Кыял – бул абстракттуу нерсе, конкреттүү эмес, бирок каржылык максаттын ага жетүү үчүн так баасы жана убактысы болот.
Өспүрүм менен бирге анын кыялы канча турарын эсептеп, ал үчүн канча акча чогултуу керектигин пландап чыкканга аракет кылыңыз.
Андан кийин бюджет эрежелерин колдонууга туура келет. Балага бюджет деген эмне экенин жана ал эмне үчүн мамлекетке эле эмес, баарына керек экенин түшүндүрүңүз. Бардык кирешелерди жана чыгашаларды эсептеп, анын жеке бюджетин чогуу түзүүгө аракет кылыңыз.
Өспүрүм өзүнүн кирешелерин жана чыгашаларын талдоо менен күнүнө канча акча коротсо болорун жана кандай чыгашалардан баш тарта аларын аныктай алат.
Мисалы, ал пайдалуу эмес нерселерден – таттуулардан, газдалган суусундуктардан баш тартышы мүмкүн. Импульсивдүү жана кымбат сатып алуулардан оолак болушу керек. Топтолгон акчаны көбөйтүү үчүн ата-энеден банктан депозит ачып берүүсүн суранса болот.
"Бала үчүн каалаган нерсесин алуунун эң оңой жолу - ата-энесинен сатып берүүнү сурануу. Ал эми өспүрүмдөрдүн чөнтөк акчасы болот, алар каалаган нерсесин сатып ала алышат. Буга жетишүү үчүн, биринчи кезекте, өз чыгымдарыңды көзөмөлдөөнү үйрөнүү керек. Ал эми кыялыңды каржылык максат катары аныктап алыш керек: ал реалдуу жана белгилүү бир баага ээ болушу керек. Каржылык максатка жетүү үчүн каржы планы жардам берет, анда максат, өспүрүмдүн кандай кирешеси, чыгашасы бар, алардын максаттарына жетүү үчүн канча бош каражат бөлсө болорун көрсөтөт", - дейт Жамиля Токтомамбетова.
Күнүмдүк чыгымдар
Күнүмдүк чыгымдарга акча берүү керекпи же бербеш керекпи? Бул маселе боюнча ата-энелердин так позициясы жок. Каржы адистери күнүмдүк акча берүү - балдарды каржылык жактан тарбиялоонун маанилүү бөлүгү деп эсептешет.
Процесс натыйжалуу болушу үчүн, бир нече эрежелерди кармануу керек:
- бала өзүн бөлүнгөндөй сезип калбашы үчүн, ошондой эле теңтуштарына салыштырмалуу өтө бай көрүнбөшү үчүн тең салмактуулукту сактоо;
- айына бир жолу бир сумманы толук берүү;
- белгиленген суммадан ашык кошумча акча бербөө;
- чыгымдарды көзөмөлдөбө.
Кыязы, алгач өспүрүмдөр берген акчасын бат түгөтүп коет. Бирок кептин баары мына ушунда. Акчасыз жарым ай бир эки жолу отургандан кийин бала чыгымды көзөмөлдөп, аны пландаштыруу керек деп ойлой баштайт. Күнүмдүк чыгымдарга канча акча берүү керектигин ар бир үй-бүлө өз алдынча чечет. Бирок эксперттер бул акча дайыма бала каалагандан бир аз аз болушу керек деп эсептешет. Бул көбүрөөк үнөмдөөгө гана эмес, мыйзамдуу киреше табуунун башка булактарын издөөгө да түрткү болот.
Ата-энелер ар дайым балдарынын күнүмдүк акчасын кантип иштетип жатканын көзөмөлдөөгө азгырылышат. Андай кылбаш керек. Көзөмөл башталаары менен өспүрүм эркиндикти жана аларды колдонууга болгон мотивациясын жоготот.
Күнүмдүк акча – бул сиздин балаңыздын акчасы, аны кантип колдонууну ал гана чечет.
Балаңыз ашыкча акча коротууда деп ойлойсузбу? Аны кандайдыр бир маанилүү нерсе үчүн акча чогултууга же каалоолордун тизмесин түзүүгө жана аларды акырындык менен өз акчасы менен аткарууга чакырыңыз. Ишенип коюңуз, бир-эки жолу жасап көргөндөн кийин бала кызыгып, пайдасыз сатып алуудан баш тартканына оңой боло баштайт.
Банк системасы менен таанышабыз
Күнүмдүк акча накталай же накталай эмес болушу мүмкүн. Же эки вариант тең. Накталай эмес акча балага банк системасынын принциптери менен таанышууга мүмкүндүк берет. Балдардын банк картасын ачуу менен баштаңыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын рыногунда дээрлик ар бир банк буларды сунуштап келет.
Кыргызстанда мыйзам боюнча 14 жаштан баштап баланын атына, ал эми бул жашка чейин карта ата-энесине же мыйзамдуу өкүлүнө катталат.
Картаны ачуу үчүн негизги документтер: туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ата-энесинин паспорту болуп саналат.
Анын аты картада болгонун көргөн балдар сүйүнүшөт. Ошондуктан, учурдагы эсеп ата-эненин атына ачылган күндө да, бала кааласа, картага анын атын басып чыгара аласыз. Бул кичинекей нерсе болгону менен, бала үчүн сонун бонус.
Кийинки кадам балаңызды анын атына депозит ачууга чакырып, чогуу акча чогулта баштаңыз. Канча үнөмдөгүсү келет, өзү эсептеп көрсүн. Анын үстүнө, эми банктык тиркемеде онлайн депозит ачса болот. Процесстин жүрүшүндө депозиттердин оң жана терс жактары, аларды ачуунун эрежелери жана эмнелерге көңүл буруу керектиги тууралуу сөз кылууга болот.
Кредиттер жана кредиттик карталар
Депозиттердин иштөө принциптери жөнүндөгү айтып берүү менен катар эле кредиттер жана карыздар маселесине көңүл буруу зарыл. Бала карыздар дайыма төлөнүшү керек экенин түшүнүшү керек, ал эми кредиттер - банк тартуулаган белек эмес экенин билсин. Ал өз убагында кайтарылышы зарыл.
Биринчиден, өспүрүмүңүзгө кредит берүүнүн негизги принциптерин түшүндүрүңүз:
Төлөм - карызга алынган каражаттар кредиторго толугу менен кайтарылышы керек.
Тездик - кредит белгилүү бир убакыттан кечиктирбестен төлөнүшү керек (бул процесс кайтаруу деп аталат).
Төлөм - карыз алуучу кредитти пайдалануу үчүн комиссия төлөйт. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул кредиттин суммасынан жогору төлөшүңүз керек болгон сумма. Эреже катары, алым кредиттик акчаны колдонуунун белгилүү бир мезгили үчүн кредиттин суммасынан пайыз катары эсептелет.
Кредиттин бардык шарттары келишимде көрсөтүлөт. Балаңызга кол коюудан мурун бул документти, жалпы эле ар кандай документ сыяктуу эле окуп чыгышы керек экенин түшүндүрүңүз. Акырын жана өтө кылдаттык менен, анын ичинде майда тамга менен жазылгандарын дагы окушу керек.
Бардык карыздар жана кредиттер ар дайым төлөнүшү керек!
Албетте, адамдын кредит төлөбөй калышынын жүйөлүү себептери болушу мүмкүн. Банктар, адатта, бир гана күн болсо да, карыз алуучуларга мөөнөтү өтүп кеткенин эскертишет. Эң негизгиси: чалуудан качуунун кереги жок. Кыйынчылыктар жаралса, банкка же каржы мекемесине кайрылып, баарын түшүндүрүп берген оң. Ал жерден алар маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк табат.
Эгерде алган кредитти узак убакыт бою төлөбөсөң, анда жагымсыз кесепеттерге дуушар болушуңуз мүмкүн:
айып - келишимдин суммасына жана келишимдин шарттарына жараша болот;
бузулган кредиттик тарых - келечекте кайра кредит алуу кыйын болот;
укуктарын чектөө - а өлкөдөн чыгууга тыюу салышы мүмкүн;
сот - төлөөгө мажбур болосуң;
мүлктү камакка алуу - эгерде мүлктү күрөөгө коюу менен кредит алган болсоң, анда соттун чечими боюнча төлөнбөгөндүгү үчүн мүлк камакка алынып, аукционго коюлушу мүмкүн.
Акыркы жылдары Кыргызстанда кредиттик карта системасы өнүгө баштады. Мындай картанын негизги өзгөчөлүгү анын балансында ошол замат белгилүү бир суммага ээ болушу - бул банк кардар үчүн бекиткен кредиттик лимит.
Каалаганыңча колдонсоңуз болот, бирок бул банктын белеги эмес.
Кредиттик картанын жеткиликтүү каражат чеги бар. Бул адам бекитилген суммадан ашык чыгым кыла албайт дегенди билдирет. Эгерде сарпталган акча өз убагында эсепке кайтарылса, лимит көбөйөт. Кардар ошондой эле чекти көбөйтүү же азайтуу өтүнүчү менен кайрыла алат. Кадимки кредитке салыштырмалуу кредиттик картанын негизги артыкчылыгы - бул пайызсыз же жеңилдетилген мөөнөттүн болушу.
Эгерде акчаны бүтө электе кайтарып берсең, анда ал сен сарптаган сумманы түзөт, башкача айтканда, ашыкча төлөмү жок болот.
Кредиттик картаны колдонуу эрежелерин эстеп, сактоо жана ага акча каражаттарын өз убагында кайтаруу маанилүү. Эгерде төлөбөсөң, анын кесепети кадимки кредиттей болот. Ошондуктан, мындай картаны ачып, аны өтө кылдаттык менен колдонуу керек, антпесе адам карызга батып калуу коркунучу бар.
Өспүрүмгө акча табууга мүмкүнчүлүк бериңиз
Өспүрүм иштеш керекпи же жокпу? Бул суроого ар бир ата-эне өзү жооп бериши керек. Бирок каржылык сабаттуулук боюнча билим берүү көз карашынан алганда, жооп "ооба" болот. Кошумча жумуш - баланы чоңдордун жашоосуна даярдап гана тим болбостон, акча кантип табылары, эмгек акы кантип төлөнөрү тууралуу түшүнүктү калыптандырып жана иш жүзүндө каржылык сабаттуулукту өздөштүрүп, акчаны маңыздуу башкарып баштоого жардам берет.
Өспүрүмдөр үчүн жумуш маселеси алардын каалоосунан, ошондой эле өз каалоолорунан келип чыгат;
Кошумча жумуш балаңыздын көз карандысыздыгын жана өзүн-өзү сыйлоосун жогорулатат. Бала канчалык чоңойгон сайын анын муктаждыктары ошончолук көбөйөт, ал аларды канааттандыргысы келет. Бул өзүн чоң адамдай сезүү үчүн маанилүү. Ал эми биринчи тапкан акчасы анын жашоосун өзү башкара аларын сезүүгө жардам берет.
Эгер жумуш окуусуна терс таасирин тийгизет деп кооптонсоңуз, анда жайкы каникулда иштесе болот.
Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда балдар чоңдор менен бирдей эмес иштеши керек. Ар бир жаштын өзүнүн чектөөлөрү бар. Эмгек кодексине ылайык, балдар 14 жаштан баштап иштөөгө укуктуу, бирок бул алардын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен гана болушу керек.
Организмге зыян келтирбеген жумуштун жеңил түрлөрүнө 14-16 жашта (жумасына 24 сааттан ашык эмес), 16 жаштан 18 жашка чейин 36 сааттан уруксат берилет.
Ошол эле учурда эмгектин оор түрлөрүнө катуу тыюу салынат. Буга тамеки чегүүгө уруксат берилген кафе-барларда иштөө кирет. Анын үстүнө, оор жумуш балалык жана өспүрүм куракта өсүп келе жаткан организмге зыян келтирет. Акча табуу каалоосунан тышкары, күнүмдүк тартипти жана тамактанууну сактоону унутпашыңыз керек.
Иш берүүчү менен келишим түзүлсө жакшы болот. Бул келечекте мүмкүн болгон көйгөйлөрдөн коргойт. Бирок көбүнчө мектеп окуучулары тааныштары аркылуу жана каттоосу жок жумушка алынат. Ошондуктан, сак болуп, дароо иш берүүчү менен бардык шарттарды сүйлөшүү керек.
Кыргызстанда өспүрүмдөр үчүн жумуш варианттары көп эмес. Бирок алар бар. Мисалы, балмуздак, минералдык суу же улуттук суусундуктарды сатуучу. Курьер болуп, баракчаларды таратып, иттерди сейилдетип, жаныбарларга кам көрүп иштеп аракет кылса болот
Негизги эреже: балаңызга оңой жумуш үчүн чоң суммадагы убадалар мыйзамсыз нерсени жана мыйзам бузууну билдирерин түшүндүрүңүз.
Мындай демилгелерден алыс болгон жакшы. Жок дегенде жумушка макул боло электе сиз менен кеңешип алсын.
Азыркы өспүрүмдөр таптакыр башка категорияда ойлонушат. Алар жакшы акча таап, өз бизнесин ачкысы келет. Ал эми өспүрүм курак бул багытта алгачкы кадамдарды жасоого эң ыңгайлуу учур. Балаңызды бизнес долбоорлоруңуздун айрымдарын ишке ашырууга чакырыңыз. Мүмкүн болсо колдоп туруңуз, ал ишке ашпай калса, көңүлүңүздү чөгөрбөңүз. Балким, баары биринчи жолу ишке ашпай калат. Бирок ал эч нерсеге аракет кылбаса, кыялындагы жумушун кантип табат?
Ата-эненин милдети – өспүрүмдү чоң кыялданууга жана мүмкүн болгон көйгөйлөр жөнүндө сүйлөшүүгө түрткү берүү.
Күтүлбөгөн жагдайлар үчүн үнөмдөө
Балдарга сөзсүз түрдө (!) үйрөтүү керек болгон бир каржылык адат бар. Кеп коопсуздук жаздыкчасын түзүү жөнүндө болуп жатат. Бул темага токтолгондо, бардык кирешелерди жана чыгашаларды эсептөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөшүү керек.
Ооба, балким, биринчи жолу күтүлбөгөн жагдайлар үчүн үнөмдөө керек экенин уккандан кийин, өспүрүм көздөрүн аңтарып, дээрлик сизди динозавр катары көрүшү мүмкүн. Балдардын түшүнүгүндө бул карыган адамдардын адаты.
Каржылык эркиндик акчаны үнөмдөөнү үйрөнүүдөн башталат.
Бала бул чындыкты канчалык эрте билсе, келечекте ага ошончолук жеңил болот. Күтүлбөгөн жагдайларда дайыма шашылыш резервди сактоо адаты тууралуу кеп болууда. Ишенип коюңуз, бул үчүн ал сизге бир нече жолу ыраазычылык билдирет. Андыктан сабырдуу жана максаттуу болуңуз, күтүлбөгөн жагдайлар үчүн үнөмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө дайыма айтып туруңуз. Бала күтүлбөгөн жерден бир нерсеге жетишпей калса, ата-энесинен акча сураганга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, ага дароо эле өзгөчө кырдаалдар үчүн акча сактоо адатынын актуалдуулугун түшүнүү кыйын болот. Ошентсе дагы, аны көндүрүүгө жана бул адатты калыптандырууга аракет кылыңыз.
Өспүрүмүңүзгө кошумча акчаны сактоо түрткү берүү үчүн, бул ага келечекте жумушунан жана киреше булактарынан ажырап калуудан коркпоого мүмкүнчүлүк берерин айтыңыз.
Кризис болуп калса да, ал акча табуунун биринчи вариантын кармабай, тынчыраак жана чындап эле эмнени кызыктырганын тандап алууга мүмкүнчүлүк алат. Бул азыр көптөгөн чоңдорго жетишпей жаткан эркиндик. Ал эми ата-энелердин милдети – балдарында тандоо мүмкүнчүлүгүнүн болушун камсыз кылуу.
Натыйжалуу каржылык коопсуздук жаздык түзүү үчүн бир нече негизги эрежелер бар:
- үзгүлтүксүздүк - ай сайын акча сактоо керек;
- минималдуу суммасы кирешенин 10% кем эмес;
- Ал акчага өтө зарыл болгон кырдаалдарда гана тийүү - акчаны четке алып коюп, аны унутуп коюу;
- биринчи коопсуздук жаздык - андан кийин чыгымдар.
Коопсуздук каржылык жаздыкка канча акча керек экенин эсептөө кыйын эмес. Оптималдуу вариант - бул алты айлык чыгымдарга барабар болгондо. Балаңызга "биринчи өзүңө төлө" деген эрежени үйрөтүңүз. Бул биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдарга акча топтоп, андан кийин чыгашаларды пландайт дегенди билдирет. Тескерисинче эмес.
Жана дагы бир эреже: акчаны бардык акча түшүүлөрдөн: күнүмдүк чыгымдарынан, белектерден, айлык акылардан үнөмдөө керек.
Балаңыз татыктуу сумманы топтогондо, аны инвестициялоого чакырыңыз. Антпесе, ал акча жөн гана бекер сумма болуп калат жана аны коротуу азгырыгы чоң болот. Ошол эле депозитти ачсын. Ооба, сумма көп деле көбөйбөйт, бирок ошентсе дагы жасоо керек. Өспүрүмдөр өздөрүнүн пайдасын жакшы эсептешет. Ишенип коюңуз, балаңыз акчаны үнөмдөөдөн түшкөн пайданы тез баалап, кызыгып калат. Натыйжада, бир ок менен эки коенду өлтүрөсүз: кол тийбес резервди түзүүнү жана пассивдүү кирешени жаратуу үчүн, бул каражаттарды инвестициялоону үйрөтөсүз.
Баланын кол тийбес резерв менен андан түшкөн акчасын белгилүү бир максатка бөлүүсү маанилүү.
Эгер ал кымбат баалуу гаджетти каалап, ага акча чогулта баштаса, анда бул акча топтоонун бир жолу. Буга параллелдүү каржылык коопсуздук жаздык түзүлүшү керек. Анан ал биринчи орунда болушу кажет. Биринчиден, акча өзгөчө кырдаалдарга бөлүнөт, анан кыялга үчүн бөлүнөт. Бири экинчисин алмаштырбашы керек.
Башында чогулткан акчаны коротуунун азгырыгына каршы туруу үчүн, дароо онлайн депозит ачып койсо болот. Азыр бардык коммерциялык банктар аларды сунуштап жатышат. Кызыктуу жана пайдалуу курал. Ага түздөн-түз банктын мобилдик тиркемесинен эле акча салса болот, бирок аны алуу үчүн банкка баруу керек.
Акча резервин нактала акча менен түзүү чечими - мыкты чакырык жана баланын чыдамкайлыгынын сыноонун эң сонун жолу болушу мүмкүн.
Балага акча сактоого түрткү берүү үчүн, бул вариантты сунуштаса болот: сиз анын акча топтогон буюмуна ал өзүнө канча салса, ошончол кошосуз. Бирок, акчаны коротпосо жана айдын аягында гана. Башка варианттарды талкуулоого болот. Бирок бул акчаны үнөмдөөнүн туруктуу шарты болбошу керек, биринчи жолу адат калыптанып жатканда гана жасаса болот. Кыязы, алты айдын ичинде өспүрүм автоматтык түрдө өзүнүн коопсуздук жаздыкчасына акча үнөмдөгөнгө жана ал жөнүндө эстей бербегенге үйрөнүп калышы керек. Ошондой эле көбүрөөк үнөмдөө үчүн кантип үнөмдөөнү үйрөтөт. Мындай кеңештерди четке какпаңыз. Өспүрүм дагы деле тажрыйбасы аз болсо да, анын чыгармачыл ой жүгүртүүсү бар. Дагы бир жолу, чоң адамдын баланы угууга жана анын кеңешин аткарууга даярдыгы баланы каржы темасына ого бетер сүңгүп кирүүгө түрткү берет.
Шылуундардан коргонуу
"Санариптик технологиялар бүт дүйнөнү, жашоо темпин өзгөрттү. Алар барган сайын балдардын жашоосуна көбүрөөк таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан, ишенимдүүлүктү талдоо, ошондой эле санариптик сабаттуулукту жогорулатууга убакыт бөлүү маанилүү. Бала онлайн сатып алууну жүргүзүүдөн мурун кандай коркунучтар болушу мүмкүн, андан кантип сактануу керек, эмнеге көңүл буруу керек жана кайсы ресурстарды потенциалдуу кооптуу деп эсептеш керектигин түшүнүүсү зарыл", - деп айтылат Улуттук банктын маалыматында.
Ата-энелер үчүн өспүрүмдөргө интернеттеги каржылык коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү абдан маанилүү.
Анткени, көбүнчө алдамчылык схемалар банк карталарын же онлайн продуктыларды колдоно баштагандар үчүн иштелип чыккан. Улуттук банк шылуундар адатта акчаны жоготуп алуу коркунучу, жарандардын ишеними жана ак ниети, ошондой эле тез акча табуу мүмкүнчүлүгү менен ойноорун белгилейт.
"Заманбап жана ыңгайлуу технологияларды колдонуудан коркпош керек, бирок сактык чараларын көрүү зарылдыгын дайыма эстен чыгарбоо зарыл, анткени алдамчыларга каршы туруу боюнча билим өз убагында туура чечим кабыл алууга жардам берет", - деп баса белгиледи Улуттук банк.
Бала эсинде сакташы керек болгон негизги нерсе: өзүңдүн жеке маалыматыңды, логиниңди жана сыр сөзүңдү же банк карталарынын PIN коддорун бейтааныш адамдарга айтпоо. Эгерде бирөөнүн киргенинен шектенген учурда, дароо банкка кабарлоо жана картаны бөгөттөө зарыл.
Онлайн сатып алууда өтө этият болуу керек. Текшерилбеген шилтемелерди ээрчүүнүн жана ал жерге картаңдын маалыматын киргизүүнүн кереги жок. Онлайн сатып алуулар үчүн өзүнчө картаны алып, зарылчылыкка жараша ал жакка акча салып турган оң. Ээлери колдонуучуларынын коопсуздугун ойлогон коопсуз сайттардан гана сатып алуу керек. Төлөм баракчасына өткөндө, MasterCard SecureCode жана Visa Secure программасынын логотиптерин издеңиз. 3D-Secure технологиясын колдонуу менен, бул программалар онлайн сатып алууда дагы коргойт.