Аялдардын ишкердиги. Эмне үчүн бул жөн гана бизнес жөнүндө эмес?
Ишкердик – бул адамдын мыйзам чегинде пайда табуу максатында жүргүзгөн иши. Ошол эле учурда ишкердин өзүнүн гендердик иденттүүлүгү эч кандай мааниге ээ эмес. Же дагы эле маанилүүбү?
Kaktus.media редакциясы эмне үчүн дүйнө жүзү боюнча аялдардын ишкердиги колдоого алынарын, эмне үчүн өзүнчө мыйзамдар керек экенин жана бизнес чөйрөсүндө аялдардын санын көбөйтүү бүтүндөй коомдун өнүгүшүнө кандай таасир этерин аныктады.
Маалымдама
Аялдардын ишкердиги ар бир өлкөнүн экономикасынын эң маанилүү тармагы болуп саналат. АКШда, Канадада жана Евро-биримдикке мүчө өлкөлөрдө экономика министрликтеринин, финансы министрликтеринин, жана башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын катышуусу менен аялдардын ишкердиги активдүү колдоого алынууда. Аялдардын абалынын жакшырышы, каржы булактарынын жеткиликтүүлүгү жана ишкердикти мамлекеттик колдоонун аркасында АКШ, Жаңы Зеландия жана Канада ишкер аялдардын саны боюнча алдыңкы үчтүккө кирди.
20-кылымдын башында аялдар массалык түрдө бизнес менен алектене башташкан. Бул процесс тынч экономикалык революция деп аталды. Ошол эле учурда аялдардын ишкердиги, башкача айтканда, аялдар жетектеген бизнес деген термин пайда болгон. Аялдардын ишкердиги заманбап тенденцияга айланып, экономикалык өсүшкө салым кошууда. Ошондуктан көптөгөн мамлекеттер бул бизнести колдоо жана стимулдаштыруу саясатын иштеп чыгууда.
Учурда Кыргызстанда 2022-2026-жылдарга аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы бар. Мындан тышкары донордук уюмдардын каржылык колдоосу менен бейөкмөт уюмдар аялдардын демилгелерин колдоо боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырышат.
Маселе эмнеде
Эксперт жана юрист Гүлнара Каликова аялдардын ишкердиги ишкерлер үчүн өзгөчө укуктарды кепилдебейт деп эсептейт. Бирок ал аялдар эркектер менен бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек деп баса белгилейт.
"Биринчиден, биз ишкердикте аялдардын өзгөчө укуктары болушу керек деп айтуудан алыспыз. Ишкерликте жынысына карабай бардыгына бирдей мамиле болушу керек", - дейт Гүлнара Каликова. "Ишкер аялдардын бирдей мүмкүнчүлүктөрү болушу зарыл. Бирок, чыныгы жашоодо андай мүмкүнчүлүктөр аз".
Эксперттер экономикада аялдар дуушар болгон төмөнкү тоскоолдуктарды аташат - колдоонун жоктугу жана төлөнбөгөн үй жумуштары, аялдардын иш чөйрөсү деп аталгандар, салттуу гендердик ролдор менен коштолгон экономикалык көз карандылык жана каржылоонун жетишсиздиги.
Колдоо жана убакыт
"Аялдар күйөөсүнөн, балдарынан жана жакындарынан жетиштүү колдоо ала алышпайт", - дейт "Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду" коомдук бирикмесинин жетекчиси Асел Кубанычбекова. - "Ошондой эле аялдарга үй жумуштарына байланыштуу жана убакыттын жетишсиздигинен улам бизнесин эркектерге караганда 1,7 эсе көп жапканга туура келүүдө".
Муну Улуттук статистикалык комитети жүргүзгөн изилдөөнүн маалыматтары тастыктайт.
Акы төлөнбөгөн үй жумуштары, кош бойлуулук, балдарды тарбиялоо жана улгайган туугандарына кам көрүү аялдардын жеке бизнесин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизет,- деп белгилейт Дүйнөлүк банк.
Айымдардын кесиптери
Дагы бир көйгөй – гендердик стереотиптер жана аялдардын кесиптери (саламаттык сактоо, билим берүү, кол өнөрчүлүк, жеңил өнөр жай, туризм жана башкалар) деген түшүнүк.
Маалымдама
Кыргызстанда өндүрүштө иштеген аялдардын саны азайып баратат. Аялдардын эмгек рыногуна катышуусу абдан азайып, бул өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүдө. Кошумчалай кетсек, эмгек рыногундагы өзгөрүүлөрдөн биринчилерден болуп аялдар жабыркайт.
Экономикалык ишкердүүлүктүн эң кирешелүү тармактарында (курулуш, энергетика, өнөр жай ж.б.) негизинен эркектер иштешет. Дүйнөлүк банк белгилегендей, аялдардын бул чөйрөлөрдө колдонула элек потенциалы бар.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова: "Кыргызстанда аялдар иштей ала турган кесиптерге болгон оюн активдүү түрдө өзгөртүп жатышат. Алар эми эле оор өнөр жай тармагында өз продукцияларын сунушташты. Алсак, Кыргызстандагы лифт чыгаруучу биринчи ишкананы Рахат Жунушбаева ачты".
"Биздин заводдун ачылышы пандемия жана пандемиядан кийинки кризис учуруна туура келип калды. Биз курулушту 6-7 айдын ичинде эле бүтүрүп, өндүрүштү баштоону пландаштырганбыз", - деди Рахат кабылган кыйынчылыктары тууралуу айтып жатып. - "Бирок, тилекке каршы, ал эки жылга созулуп кетти. Себеби, чек аралар жабылганда биздин техникалар чек арада бир жылдай туруп калды. Андан кийин техникалар жаан-чачында туруп калгандыгына байланыштуу аны калыбына келтирүүгө туура келди.
Мындан тышкары биздин компаниянын негизги курамы - эркектер, 90% эркектер. Алар дайыма эле аялды техникалык тармактын лидери катары кабыл алгылары келишпейт. Экинчиден, биздин өнөктөштөрүбүздүн 90% эркектер. Алар дайыма эле техникалык тармактагы аялдарды олуттуу кабыл алышпайт. Ушундай кыйынчылыктар болду. Биз мунун баарына туш келдик. Бирок алар сенин компетенттүүлүгүңдү көргөндөн кийин, албетте, бардык суроолору жоголот".
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын аялдары алгачкы жашыл байланыштарды ишке киргизип, фармацевтиканы (Асел Сартбаеванын вакциналарды сактоо ыкмасын ойлоп табуусу) жана айыл чарбасын (JICA долбоорунун алкагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү) багындырышууда.
Башкалардан кийинчерээк баштоого аргасыз болуудабыз.
Асел Кубанычбекова белгилегендей, 25-30 жаш курагында кыз-келиндер турмушка чыгып, балалуу болушат. Бул курактагы эркектер экономикалык иштер менен активдүү алектенишет. Мындан улам аялдар бизнести кеч баштоого туура келет.
Маалымдама
Kaktus.media редакциясы аймактарда баарлашкан ишкерлер аялдардын бизнесин жүргүзүү кыйын экенин айтышкан. Алар үй жумуштары да өз мойнунда экенин белгилешти. Маселен, Бурул Карыбекова 40 жылдан кийин Ошто төрт баласы чоңоюп, биринин артынан бири ЖОЖдорго окууга кеткенден кийин жеке бизнесин ачкан. Ал айым күнөскана иштетет. Ал буга чейин үй кожойкеси болуп, 20 жыл үй-жайын карап, балдарын багып жүргөндүктөн, ага башында күйөөсү да ишенбегенин айтат.
Каржыга мүмкүнчүлүк
"Аялдардын ири каржылоого мүмкүнчүлүктөрү бир нече эсе азыраак, анткени, статистика боюнча көбүнчө мүлк эркектердин атына катталат", - дейт эксперт Гүлнара Каликова. - "Бул дагы бир көйгөйдү ачыкка чыгарат – аялдар көп учурда жогорку пайыздык үстөк менен аз насыя алууга туура келет. Ошол эле учурда Кыргызстанда насыялоонун бул түрү активдүү өнүгүп жатат".
"Ошол эле учурда Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда насыяны кайталап алуу учурлары көп кездешет", - дейт экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.
Анын айтымында, учурда Кепилдик фонду ар тармактагы ишкер айымдарга колдоо көрсөтүүдө.
Маалымдама
2011-жылдан тартып Кыргыз Республикасында жаңы каржы системасы – кепилдик фонддор түзүлө баштады. Анын максаты чакан жана орто бизнеске банктык насыяларды алууда кепилдиктерди берүү болуп саналат.
"Кепилдик фонду" ААКсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы буйругу менен түзүлгөн. Баштапкы капитал республикалык бюджеттен алынып, 72 миллион сом өлчөмүндө болгон. Фонддун капиталына Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунан ("Инвестициялык климатты жакшыртуу долбоору – 2-подпрограмма") кошумча 3 миллион доллар бөлүнгөн.
Аялдардын ишкердиги. Эмне кылуу керек?
Экономикада аялдар туш болгон тоскоолдуктарды чечүү жана жеңүү үчүн Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча өзүнчө программа иштелип чыгып, кабыл алынган. Ал төрт багытка багытталган: аялдардын потенциалын жогорулатуу, аялдардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, көндүмдөр боюнча билимин жогорулатуу, талкуу аянтчаларын жана ишкерлер үчүн тармактык аянтчаларды түзүү.
Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова буга чейин кандай жетишкендиктер болгонун айтып берди.
"Эгерде каржылык камсыздоо жөнүндө айта турган болсок, 2023-жылга карата насыя алгандардын 49% аялдар түзөт", - деди Үсөнбекова. - "Ошондой эле социалдык келишимдин негизинде 95% айымдар үстөк пайызсыз насыя алышкан. Ал эми Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 11 банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды алуучулардын саны 8 миңге жакын болсо, алуучулардын 5 миңден ашыгы аялдар.
Бирок долбоордун жыйынтыгын баалоо же ишкерлерди колдоо үчүн көбүрөөк ресурстарды тартуу мыйзамдык деңгээлде "аялдардын ишкердиги" деген түшүнүктүн жоктугунан улам кедергисин тийгизүүдө. Бул мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга тоскоолдук кылат.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Элдар Абакиров менен Камила Талиева "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн алкагында "аялдардын ишкердиги" деген түшүнүктү киргизүүнү сунушташты.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров аялдардын ишкердиги эмне экенин айтып берди.
"Бул жеке ишкер, анын негиздөөчүсү аял же бул ЖЧК, акционердик коом, анда аялдардын үлүшү 51%дан ашат. Кызматкерлердин жарымынан көбү аялдар болушу керек. Азыр биз ушунун үстүнөн иштеп жатабыз. Анткени, биз анда тигүү менен эле билим берүү тармагын камтып калат экенбиз. Биз пайыздык ченемди 10го түшүрөбүз же балким, такыр эле алып салабыз", - деди Абакиров. - "Себеби, көп учурда аялдар үчүн өз бизнесин баштоосу жана аны өнүктүрүүсү кыйын. Анткени көп аялдар 20 жаштан 40 жашка чейинки убакта турмушка чыгып, балдарды төрөп, декреттик өргүүдө болуп калышат. Ошентип 40 жашында бизнес ачса, ал бизнес үчүн насыя алгысы келсе, тажрыйбасы жана күрөөсү жетишсиз болуп калат. Анткени, жалпысынан бизде күрөө көпчүлүк учурда эркектерге катталат. Бул жерде дагы өзгөчө белгилеп, айымдарга өзгөчө жеңилдиктерди берүү керек болчу".
"Аялдардын ишкердигинин" аныктамасын төмөнкүчө чечмелөө сунушталууда:
Аялдардын ишкердиги – бул ишкердик ишмердүүлүк жана андагы ишкердик субъекттер:
жеке ишкер катары иштеген аял;
коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, акцияларынын же катышуу үлүштөрүнүн кеминде 51 пайызына аялдар ээ болгон жана штаттык кызматкерлердин 51 пайызынан кем эмеси аялдар болгон юридикалык жак.
Мыйзам долбоорун талкуулоодо ар кыл көйгөйлөр айтылды. Алардын бири "аялдардын ишкердиги" түшүнүгүнө дал келүү үчүн жетекчи - аял болушу керек.
"Менин оюмча, жетекчи - эркекпи же аялбы маанилүү эмес. Эң негизгиси ким негизги кожоюн экени", - деп белгиледи эксперт Гүлнара Каликова.
Экинчи суроо, кызматкерлердин 51%ы эмгек келишими боюнча да, кызматтык келишим боюнча да иштеген кызматкерлерди камтышы керек деген маселе болду. Бирок муну өзгөртүүгө туура келди.
"Кызматтык келишимдер бир айга түзүлүшү мүмкүн, бирок биз үчүн кызматкерлердин туруктуу саны маанилүү. Ошондуктан штаттык кызматкерлердин кеминде 51% кылып көрсөтүү сунушу келип чыкты", - деп кошумчалады Каликова.
Мунун эмне кереги бар?
Министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова белгилегендей, аялдардын экономикага катышуусун жогорулатуу Кыргызстандын жашоо деңгээлин жакшыртат.
Ал эми Дүйнөлүк банктын "Аялдар, бизнес жана мыйзам - 2024" аталышындагы жылдык баяндамасында, аялдардын экономикалык активдүүлүккө аралашуусу дүйнөлүк экономикага кандай оң таасирин тийгизе турганы белгиленген.
- Иш менен камсыз кылууда жана ишкердикте гендердик ажырымды жоюу дүйнөлүк ички дүң продукцияны 20%дан ашык көбөйтүүгө жардам бермек;
- Кийинки он жылдыкта гендердик ажырымды жоюу экономикалык өсүштүн учурдагы глобалдык темпин эки эсеге жогорулатат.
Маалымдама
Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу жана эмгек чөйрөсүндөгү гендердик теңсиздик дагы эле бар. 2022-жылы Кыргызстанда 2 миллион 581,1 миң адам иштеген. Алардын 61,3%ы эркектер, 38,6%ы гана аялдар болгону расмий маалыматта айтылат.
Мындан тышкары эмгек акынын теңсиздиги сакталууда. 2023-жылы аялдар орто эсеп менен 26 миң 950 сом, ал эми эркектер 36 миң 692 сом алышкан.
Министр Данияр Амангелдиев бүгүнкү күндө аялдардын ишкердигин өнүктүрүү экономикалык өсүштүн үлүшүнүн маанилүү тенденцияларынын жана кыймылдаткычтарынын бири деп эсептейт. Ал жашыл экономика призмасы аркылуу аялдардын ишкердигин жигердүү илгерилетүүгө болот деп билет. Органикалык продуктуларды өндүрүү, экологиялык таза продукция – мунун бардыгы өнүмдөрдү илгерилетүү жана жашыл фонддордон каржылык колдоо издөө үчүн колдонулушу мүмкүн.
Айнура Үсөнбекова Кыргызстанда жасалып жаткан бардык чаралар аялдарды ишкердикке тартууга багытталганын айтты. Ал эми келечекте алардын бизнесин кеңейтүү боюнча иштер турат. Азырынча Кыргызстандагы бардык ишкер аялдардын 90%га жакыны кичи бизнес менен алектенет.
Дагы бир себеп
"Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асел Кубанычбекова да аялдардын ишкердикке активдүү тартылышы гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнүн азайышына алып келерин белгиледи.
2021-жылы Кыргызстанда "Демилгелүү айымдар" коалициясы түзүлгөн. Асел Кубанычбекованын айтымында, күн тартибине эки маселе коюлган - аялдардын ишкердиги жана гендердик зомбулукту азайтуу.
"Гендердик зомбулук маселелери өлкөдөгү аялдардын экономикалык активдүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу", - деп түшүндүрдү ал.
"Аялдар көп себептерден улам арыздарын кайтарып алып, тосмо арыз жазып, зордукчуга кайтып келишет", - дейт юрист Есения Рамазанова. - "Анын дагы бир себеби - экономикалык көз карандылык. Биздин аялдар көп учурда иштебейт, алар негизинен балдарды карап үйдө отурушат. Алардын күйөөлөрү иштейт, ал эми аялдын бара турган жери жок болуп калат.
Бул пикирге Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова да кошулат: "Зордук-зомбулук фактылары көбүнчө аял иштебеген, же аялы мигрант, же аял күйөөсүнөн көз каранды болгон үй-бүлөлөрдө катталат. Дүйнөдө экономикалык жактан ийгиликтүү адамдын мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк деп эсептелет. Ал өзүн ишенимдүү сезет".
Өзүн-өзү жасаган жана өзүн-өзү камсыз кылган аял өзүнүн жана баласынын укуктарын коргой алат.
***
Айгерим (аты өзгөртүлдү) турмушка чыкканына 8 жыл болду. Ал эки баланы төрөгөн. Бул жылдар бою ал зордук-зомбулукка чыдап келген. Кийин агасына баарын айтып берейин деп чечкен. Ал эжесин эки баласы менен алып кеткен. Тигүү бизнесин ачууга жардам берген. Азыр Айгерим ийгиликтүү ишкер. Мындан тышкары ал зомбулукка кабылган аялдарга жумуш табууга жардам берет.
***
"40 жаштагы Айсулуунун (аты өзгөртүлдү) бир кызы жана өспүрүм курактагы эки уулу бар. 15 жыл жарандык никеде жашаган Айсулуу күйөөсү жана анын жакындары тарабынан тынымсыз зордук-зомбулукка кабылып келген. Аял укук коргоочуларга кайрылган. Алар балдарды алып кетүүгө жана үйдү ижарага алууга жардам беришкен. Башында аял башкалардын балдарын багып акча таап баштаган. Кийин ирденип, бала бакча ачкан.
"Албетте, ар кандай каржылык эркиндик аялга көбүрөөк көз карандысыз болууга мүмкүндүк берет", - деп белгилешет талдоочулар. - "Жумуш менен жеке бизнесиң болушу бир эле нерсе эмес. Жумуш жашап кетүүгө жардам берсе, өз бизнесиңди ачып, өнүктүрүү жакырчылыктан (жана зордук-зомбулуктан) чыгууга жана өзүңүздүн, үй-бүлөңүздүн жана балдарыңыздын абалын түп-тамырынан бери жакшыртууга жардам берет".
Андан тышкары эреже катары, аялдардын бизнеси көбүнчө социалдык чөйрөгө багытталган. Ишкер аялдар башка аялдарды өз каалоосу менен жумушка алып, иштөө үчүн гана эмес, балдарды, керек болсо улгайган туугандарын да багуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшөт. Аялдар өздөрүнүн билимин жана топтолгон тажрыйбасын бөлүшүүгө көбүрөөк даяр жана ачык.
"Буга ылайык, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү потенциалды пайдалануу маселелерин чечүүгө жана жалпы экономиканы өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары зордук-зомбулуктун ар кандай формаларында социалдык, билим берүү жана медицина тармагына чейинки маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет", - дешет талдоочулар.