Мушкер Сейитбек Мунарбек уулу Олимпиадага жолдомо утту
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги (Франция) Олимпиада оюндарына лицензия алды.
Бангкокто (Таиланд) бүгүн, 2-июнда боксчулардын акыркы лицензиялык турнири жыйынтыкталат.
Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, анда Париждеги оюндарга жалпысынан 3 жолдомо ойнотулду.
Кыргызстандык мушкер жарым финалга ийгиликтүү жетип, бирок украиналыкка утулуп калган.
2-июнда ал жарым финалдык беттешинде утулуп калган индиялык Сачинге каршы күрөшүп, калыстардын чечими менен жеңишке жетти 5:0 (30-27, 30-27, 29-28, 29-28, 30-27).
Бул жеңиш кыргызстандыкка ушул салмак категориясындагы Олимпиада оюндарына акыркы лицензияны алууга мүмкүндүк берди.
Бул лицензия Кыргызстан үчүн эсеп боюнча 15-болуп калды.