Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери акча уурдоого шектелип кармалды
RU

Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери акча уурдоого шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары кармады.

"УКМК тарабынан КЖКнын 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алганы үчүн КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т., аталган дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К. жана Дене тарбия жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, аталган жооптуу кызмат адамдары, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан "Көк-Бөрү", "Кыргыз улуттук классикалык күрөш", "Алыш бел боо күрөш", "Салбуурун", "Кулатуу", "Ат оюндары" федерацияларын көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркия мамлекетинде өткөрүлгөн "4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына" барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак ашына, байге фондуна жана "Окуу-машыгуу жыйындарын" өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарын өздөрүнө мыйзамсыз ыйгарып алышканы такталган.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында, тиешелүү болгон ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/16267