Блогер Айнура Сагынбаевага Муфтияттан эскертүү беришти
RU

Блогер Айнура Сагынбаевага Муфтияттан эскертүү беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Муфтият косметолог, блогер Айнура Сагынбаеванын социалдык тармактагы баракчасына диний багыттагы айткан пикирлерин ислам динин ачык бурмалоого жатат деп эсептейт. Мындай билдирүүнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

"Айнура Сагынбаеванын диний багыттагы айткан пикирлери ислам динин ачык бурмалоого жатат. Анын коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы билдирген ойлору таптакыр орунсуз. Сагынбаеванын ислам эрежелери жана нарк-насил нормаларына туура келбеген пикирлери көпчүлүктү тынчсыздандырууда. Анткени кээ бир ойлору ыймандан ажыроого алып барат.

Эгерде аталган жаран шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болобуз", - дешет Муфтияттан.

Белгилесек, Айнура Сагынбаева социалдык тармактагы баракчалары аркылуу окурмандардан келген суроолорго видео форматта жооп берип келет. Ага 3 бурчтук суроолордон тартып дин, мамиле, үй-бүлөлүк баалуулук жана башкалар тууралуу суроолор жөнөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/16092