Бишкектеги репродукция борборунда жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды
RU

Бишкектеги репродукция борборунда жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 22-апрелде репродукция борборунда жаңы төрөлгөн бала чарчап калды. Бул тууралуу ымыркайдын ата-энесинин жакындары билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, наристе 18-апрелде төрөлүп, төрт күндөн кийин чарчап калган. Милицияга арыз жазылып, экспертиза дайындалган. Жабырлануучу тараптын айтымдарында, укук коргоо органдары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат.

Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/16051